00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Канча бай, бий өткөн... Кадырбеков Ташиев менен Мадумаровду ынтымакка чакырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Жазылуу
Эл өкүлү Кыргызстанга батынып тап бергендер көбөйгөнүн айтты. Себеби "тилибиз, башыбыз бирикпей, сүрүбүз, сырыбыз кетип жатат" деп эсептейт.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков өткөн жумада жаакташа кеткен саясатчыларды ынтымакка чакырды.
Эл өкүлү бул саясатчынын, тиги партиянын тарапташы деп ортодо бөлүнүү пайда болгонуна тынчсызданып жатканын билдирди.
"Өткөндө бул жакта болбой турган нерсе болуп кетти, абдан ысык күн болду. Эл мурда көпүрө, жол курууну сурайт эле, азыр ынтымакты, саясий маданиятты көрсөтүүнү өтүнүүдө. Эртеси кыргыздын бука моюн, буура сан жигиттери чыгып алып бир саясатчыбызды колдоп, экинчисине тил тийгизип жатат. Анан тигинин тарапкерлери чыкса ортодо ынтымак ыдырап кетет. Ушул күчтү колдон келсе башкаларга көрсөтөлү", — деди Кадырбеков.
Депутат ошол окуядан кийин кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканын эске салып, Кыргызстанга тап бергендер көбөйгөнүн айтты. Себеби "тилибиз, башыбыз бирикпей, сүрүбүз, сырыбыз кетип жатат" деп эсептейт депутат.
"Ал жигиттерге кайрылат элем, ошол күчтү, духту тышка көрсөтөлү. Тарыхта күчтүү мамлекетти ичтен иритип жеңишкен. Азыр геосаясий жагдайды, чек арадагы абалды көрүп жатасыздар, бизге болуп көрбөгөндөй ынтымак керек. Өкмөт менен парламент элдин маанайына кадимкидей таасир этип, кыжалат кылып коёт экен", — деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал бийлик, байлык, машина, алтын-күмүш менен эч ким ызаат, аброй таба албай турганын белгиледи.
"Жараткан ызаатты ниетиңе, пийилиңе жараша берет. Бизге чейин канча бай, бий өттү... Бул жерде канча депутат отурду, канча министр, өкмөт башчы, президент келди. "Сизден", "сенге" өтө элек болчубуз, ушунчалыкка түшүп кеттикпи? "Эгер ынтымак болбосо, башыңдан алтын так кетет" деп айтышат. "Кемигинде да, керкисинде дагы бар" деген сөз бекеринен эмес. Эл шоу-бизнес жылдыздарын көп көрөт деп ойлочумун, азыр эң көп көргөнү ушул жердеги биздин талкуубуз экен", — деди Кадырбеков.
Соңунда ал саясатчыларды текеберленбей, сен жакшы, мен жаман, сен буудай, мен саман деген принцип менен иштей берсе өнүгүү болорун айтты.
Белгилей кетсек, өткөн жумада парламенттин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаров жаакташа кеткен. Ташиевдин "колуңду кезебей сүйлө, сындырып коём" деп, керек болсо Мадумаровду камап салуудан кайра тартпастыгын айткан. Депутат "колуңдан келбейт, мен сага окшоп Ак үйдүн дарбазасынан секирген эмесмин" деп жооп кайтарган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Өлбөй тирүү калбайсың! Төрага Мамытов депутаттарды ыр менен ынтымакка чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0