Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Үсөнбаев: өлкөдө төрт айда суу чечек оорусунун 7 495 учуру аныкталды

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда суу чечек оорусу 7,7 эсеге өскөнүн айтты.
Суу чечек (ветряная оспа) көбүнчө балдар арасында кеңири таралган оору жана кичинесинде аталган дарт менен оорубаган чоң адамдар да жабыркайт. Дарт аба аркылуу жугат. Андыктан балдар бакчасында, мектепте, көп кабаттуу үйлөрдө жугуу коркунучу чоң. Бул тууралуу Нурболот Үсөнбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Үсөнбаев: өлкөдө төрт айда суу чечек оорусунун 7 495 учуру аныкталды
Анын айтымында, суу чечек адамдын сыртына жана ичине чыгат. Дененин сыртына чыккан суу чечекти тезирээк кургатып, айыктырып алууга болот.
"Учурда республиканын аймагында эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүп, аймактардагы абал боюнча маалыматтар келип турат. Ага ылайык, Кыргызстанда суу чечек оорусу 7,7 эсеге өскөнү байкалды. 2021-жылдын төрт айында 972 учур катталса, 2022-жылдын төрт айында эле суу чечек оорусунун 7 495 учуру аныкталды. Суу чечек мезгилге жараша, күз, жаз айларындагы салкын убактарда күч алат. Андан тышкары, 4-5 жылда улам баш көтөрүүчү эпидемиологиялык илдет болуп саналат. Буга чейин пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам ооругандардын саны азыраак болду. Ал эми азыр оору бала бакчалардан жугуп, тарап жатканы белгилүү. Оорунун булагы болуп белдөөчү учук (опоясывающий герпес) менен ооруган адам эсептелет. Вирус организмге ооз, мурун, көздүн былжыры аркылуу кирет. Инкубациялык мезгили 10-21 күнгө, оору 1-2 аптага чейин созулат. Суу чечекте сасык тумоо сыяктуу дене табы көтөрүлүп, адам шалдырап, башы ооруп, чыйрыгып, дененин жумшак бөлүгүндө (чачтын арасы, кулактын арты, ооздун ичине, колтук, чаттарга) кызыл тактар пайда болот. Бара-бара тактардын көлөмү чоңоюп, кычышып жана ичинде суюктугу бар исиркектерге айланат. Андыктан бала же чоң киши суу чечек менен ооруп калса дарыгерге кайрылып, медицина кызматкерлеринин көрсөтмөсүнө жараша дарылануусу талапка ылайык. Себеби илдет өтүшүп кетсе энцефалит (баш мээнин сезгениши), пневмония, ички органдардын жабыркашына, теринин ириңдешине, сепсиске алып келет", — деди Үсөнбаев.
Ал өлкөдө суу чечектен каза болгон жана анын кесепетинен майып болуп калган учурлар жок экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0