Президенттин маалымат катчысы: Зулушевди иштен четтетүү Конституцияга каршы келбейт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБашкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
Султанбаев президент башкы прокурор менен министрдин ортосундагы мамилени эске алганын белгилеген.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Курманкул Зулушевди убактылуу башкы прокурор кызматынан четтетүү Конституцияга каршы келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактын колдонуучулары Башкы прокуратура тарабынан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге иш козголгонун, андан кийин эле Садыр Жапаровдун тергөө аяктаганга чейин Бейшеналиев менен Зулушевди кызматтан убактылуу четтете туруу чечимин талкуулап жатат. Айрымдары президент Жогорку Кеңештин макулдугу жок көзөмөл органынын башчысын иштен алганга укугу жок экенин жазган.
Султанбаев мамлекет башчы мындай чечимди кылмыш иштерин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында кабыл алганын айтып, башкы прокурор менен министрдин ортосундагы мамилени эске алганын белгилеген.
"Башкы прокурор кызматтан алынган жок. Ошол себептен Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынбайт. Тергөө учурунда иштен убактылуу четтете туруу чечими Конституцияга каршы келбейт", — деди маалымат катчы.
Анын айтымында, мыйзам боюнча, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу чараларына кызматын аткаруу учурунда кызыкчылыктар кагышылын пайда кылган адамды иштен четтетүү да кириши ыктымал.
"Министр менен башкы прокурордун ортосундагы мамиле кызыкчылыктар кагылышына кирет. Мында кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктары алардын ишин аткаруусуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул жарандардын укуктарын бузууга алып келет", — деген Султанбаев.
Ал кызыкчылыктар кагылышы болгон учурда көзөмөл функциясын аткарган кызмат адамдарына көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салына турганын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон. Бир кылмыш иши "Коррупция" беренеси боюнча, эки кылмыш иши "Опузалап пара алуу" беренеси, төрт кылмыш иши "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Билип туруп пайдасыз келишим түзүү" болчу. Министр пандемия учурунда коронавируска каршы вакцинаны максатсыз сатып алып мамлекетке 55 миллион сомдук зыян келтиргени айтылган.
Кийинчерээк өлкө башчы Зулушевди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон.
Бир нече кылмыштарга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Зулушев мени камайм деп коркуткан! Алымкадыр Бейшеналиевдин соттогу видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0