Шаршембиге карата аба ырайы

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
8-июнга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. 8-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл чөлкөмүндө +21...+26, Нарын аймагында +22...+27 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ошто +33...+35 жана Чолпон-Ата шаарында +24...+26 градуска жетет.
Суу өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Эртең Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында суу өчөт
Жаңылыктар түрмөгү
0