Садыр Жапаров Бразилияда өткөн Сурдлимпиадага катышкан спортчуларды кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
2022-жылдын 1–15-май күндөрү өткөн спорттук ири иш-чарадан Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло медаль жеңип келишкен.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада (угуусу начар спортчулар үчүн комплекстүү спорттук мелдештер) оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада (угуусу начар спортчулар үчүн комплекстүү спорттук мелдештер) оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада (угуусу начар спортчулар үчүн комплекстүү спорттук мелдештер) оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/4

Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада (угуусу начар спортчулар үчүн комплекстүү спорттук мелдештер) оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Эске салсак, 2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн спорттук иш-чарадан Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло медаль жеңип келишкен

Эске салсак, 2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн спорттук иш-чарадан Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло медаль жеңип келишкен - Sputnik Кыргызстан
2/4

Эске салсак, 2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн спорттук иш-чарадан Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло медаль жеңип келишкен

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдлимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликке жетишти

Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдлимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликке жетишти - Sputnik Кыргызстан
3/4

Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдлимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликке жетишти

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Кыргызстандын атын алыска таанытып, мамлекеттин туусун желбиретип даңазалаган ар бир иш өлкөнүн өнүгүшүнө дем болуп, ар бир жарандын жаркын келечекке болгон ишенимин бекемдей турганын белгиледи.

Президент Кыргызстандын атын алыска таанытып, мамлекеттин туусун желбиретип даңазалаган ар бир иш өлкөнүн өнүгүшүнө дем болуп, ар бир жарандын жаркын келечекке болгон ишенимин бекемдей турганын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
4/4

Президент Кыргызстандын атын алыска таанытып, мамлекеттин туусун желбиретип даңазалаган ар бир иш өлкөнүн өнүгүшүнө дем болуп, ар бир жарандын жаркын келечекке болгон ишенимин бекемдей турганын белгиледи.

1/4

Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада (угуусу начар спортчулар үчүн комплекстүү спорттук мелдештер) оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту

2/4

Эске салсак, 2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн спорттук иш-чарадан Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло медаль жеңип келишкен

3/4

Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдлимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликке жетишти

4/4

Президент Кыргызстандын атын алыска таанытып, мамлекеттин туусун желбиретип даңазалаган ар бир иш өлкөнүн өнүгүшүнө дем болуп, ар бир жарандын жаркын келечекке болгон ишенимин бекемдей турганын белгиледи.

Эске салсак, 2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн спорттук иш-чарадан Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло медаль жеңип келишкен. Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдлимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликке жетишти.
Президент Кыргызстандын атын алыска таанытып, мамлекеттин туусун желбиретип даңазалаган ар бир иш өлкөнүн өнүгүшүнө дем болуп, ар бир жарандын жаркын келечекке болгон ишенимин бекемдей турганын белгиледи.
"Тагдырдын жазмышына баш ийип отуруп албай, "өлкөмдүн өнүгүшүнө колумдан келген салымымды кошсом" деп тилек кылып, өжөрлөнө эмгектенип көздөгөн максатына жете билүү – бул чоң эрдик. Мындай машакаттуу жолду басып өтүп, Бразилияда болуп өткөн маанилүү мелдешке катышып, жан дили менен берилген машыгуулардын негизинде кызыл туубузду эл аралык майданда дагы бир жолу желбиреткен Кыргызстандын сурдлимпиада боюнча курама командасынын спортчуларына, аларды коштоп-колдоп, күн-түн дебей таптап барган машыктыруучуларга, дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирем", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы бюджеттен XXIV Сурдлимпиадага даярдануу максатында 1,5 миллион сом жана эл аралык мелдешке катышууга сегиз миллион сом каралганын эске салды.
Ошондой эле Жапаров спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрүн Олимпиадалык спортко теңештирүү зарыл экенин айтып, бир жолку берилүүчү акчалай сыйлыктар менен бирдиктүү стипендиялык бюджетке спорттун дал ушул түрлөрүн киргизүү үчүн тиешелүү органдарга тапшырма берди.
Өз кезегинде машыктыруучулар буга чейин эч ким тарабынан көрсөтүлбөгөн колдоо жана жеке көңүл буруу үчүн президентке ыраазычылык билдиришти. Алар эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын татыктуу коргоо үчүн мындан ары да талыкпай эмгектенерин айтышты.
Орто оор салмакта WBA чемпиондук наамын коргогон борчку Дмитрий Бивол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Садыр Жапаров боксчу Дмитрий Биволду жеңиши менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0