УКМК: кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон эки жоокер Бишкекке алып келинди

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги мурдараак жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын айткан.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган эки чек арачы Бишкек шаарына алып келинди. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Ведомстводон бул ишке УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев көзөмөл кылганын кошумча билдиришти.

"Жабырлангандар ооруканага жеткирилип, ал жерден тийиштүү медициналык жардам алат. УКМКнын жетекчиси жарадар болгон аскерлерге зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүү маселесин жеке өзүнүн көзөмөлүнө алды", — деп билдирген маалымат кызматы.

Эске салсак, чек ара аймагында атышуу 3-июнда түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн. Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон. Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган. Кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын айткан. Ал эми экинчисинин абалы орто деп бааланды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Баткенде жарадар болгон жоокерлерди Бишкекке алып кетебиз. Ташиевдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0