Бундестаг АКШнын Украина боюнча позициясы өзгөргөнүн билдирди

© AFP / SERGEI SUPINSKYАКШ тарабынан Украинага жеткирилген курал-жарактар. Архив
АКШ тарабынан Украинага жеткирилген курал-жарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Депутат Украинанын аймагы "башка дүйнөлүк державанын таасир эткен чөйрөсүнө кирип калгандыктан" андагы абалга АКШ кийлигише албай калат деген божомолун айтты.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжердин Украина боюнча билдирүүсү жана америкалык ЖМКга жарыялаган макаласы Вашингтондун мурдагы советтик республика боюнча позициясы өзгөргөндүгүн тастыктап турат. Бул туурасында бундестаг депутаты Петр Быстрондун айтканын РИА Новости iDNES.cz басылмасына шилтеме берип жазды.
Америка дипломатиясынын мурдагы башчысы Батышка Москва менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруусу үчүн Киевге таасир этүүгө чакырык салган.
Парламентарий Киссинжердин айткандары батыш европалык саясатчылардын кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө макул эмес пикирлерине каршы келерин белгилеген.
"Анткен менен Киссинжер тек гана европалык айдыңга чатактагы өзгөргөн баяндаманы киргизди", — деп белгилеген Быстронь.
Депутат АКШдагы Украина боюнча өзгөргөн позиция New York Times басылмасында Россия менен куралдуу жаңжалга баруу Американын кызыкчылыгында эместиги белгиленген макаладан башталганын кошумчалады. Бирок муну менен катар эле март айында аталган ЖМК "канча убакыт зарыл болсо да Украинаны бошотуу талабы турат" деп жазганын белгиледи.
Албетте, Генри Киссинжер да, New York Times баяндамачысы да Владимир Путиндин күйөрманына айланып кеткен жок . Алардын 180 градуска өзгөрүшү АКШнын каалаган нерсесине жеткендиги, андыктан чатактын уланышына кызыкпай калгандыгы менен мүнөздөлөт", — деп түшүндүргөн Быстронь.
Депутат америкалыктардын акыркы 30 жылда өзүнүн таасир эте турган чөлкөмүн Европанын борборундагы чектеринен Днепрдин жээгине чейин жетиштүү кеңейткендигин эске салган.
"Кайсы бир учурда чалгын ташка уруларын, андан качууга мүмкүн эмес экендигин Путин 2007-жылы коопсуздук боюнча өткөн Мюнхень конференциясында сүйлөгөндө эле алар түшүнүшкөн. Анда Россия лидери НАТОнун Чыгышты карай кеңейишине каршы экендигин ташка тамга баскандай даана айткан", — деген парламентарий.
Быстронь Вашингтон эми Украинанын аймагы "башка дүйнөлүк державанын таасир эткен чөйрөсүнө кирип калгандыктан" андагы абалга кийлигише албай калат деген божомолун кошумчалады.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты — "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" экендигин билдирген. РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, көздөгөн нерсе — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Франция президенти Эммануэль Макрон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Макрон Россиянын беделин түшүрө берүүгө каршы чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0