Минометтон атуу. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Атышуу Баткен облусунун Булак-Башы аймагында болгон. Кыргызстандык аскерлер чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өткөн коңшу өлкөнүн жоокерлерин көрүшкөн.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик чек арачылары биринчи болуп ок чыгарып, миномёт колдонгон.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:31 03.06.2022
Жарадар болгон жоокерлерге диагноз коюлду

Учурда эки жоокер тең Баткен облустук бириктирилген ооруканасында жатат.
21 жаштагы С.у.Б. аттуу жоокердин диагноуз: баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган, омурткасы сынган бирок жүлүнү жабыркаган эмес, травматикалык шок алган. Абалы орто.
22 жаштагы Ж.З. аттуу жоокердин диагнозу: баш сөөгү жабыркаган, мээнин контузиясы, сол далысы, моюнунун сол тарабы майда сыныктардан жаракат алган, мойнуна сыныктар кирип кеткен. Травматикалык жана геморрагиялык шок. Абалы өтө оор. Бейтаптын өпкөсү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
"Жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүлүүдө. Бишкек шаарынан дарыгерлердин бригадасы түзүлүп жатат. Алар Баткенге барып кесиптештерине практикалык жардам көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.
16:01 03.06.2022
Атышуу болгон жерде Тез жардым кызматынын эки бригадасы иштеп жатканы айтылды. Ал эми Баткен облустук бириккен ооруканасынын жамааты күчөтүлгөн режимге өттү. Дары-дармек, кан жана башка каражат жетиштүү.
16:00 03.06.2022
Саламаттык сактоо министрлиги жарадарлар тууралуу

Министрликтин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбековдун берген маалыматы боюнча кыргыз-тажик чек красындагы атышуудан Кыргызстандын эки жоокери жабыркаган. Бирөөнүн абалы оор, экинчисиники орто оор деп бааланууда. Диагноз боюнча маалымат жабыркагандар ооруканага жеткирилгенден кийин берилери айтылды.
15:13 03.06.2022
Тажик тарап үн ката элек

Чек арадагы окуя боюнча Тажикстан расмий билдирүү тарата элек.
15:12 03.06.2022
Учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жүрөт. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
15:00 03.06.2022
Эки тараптар тең жабыркагандар бар

УКМКнын маалыматы боюнча эки тараптан тең жабыркагандар катталган.
15:00 03.06.2022
Атышуу токтоду

Саат 14.15те Баткендин Булак-Башы аймагындагы кыргыз жана тажик чек арачыларынан атышуусу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
14:57 03.06.2022
Бир жоокер жарадар болду

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир кыргызстандык жоокер жарадар болгонун маалымдады. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.
14:43 03.06.2022
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымды түзөт. Анын теңинен көбү такталган.
14:31 03.06.2022
Тажик тарап окуя болуп жаткан аймакка оор техника жеткирүүдө

Тажик тарап Кыргызстан менен чек арасына оор техника жеткирип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Саат 14.00гө карата маалымат боюнча эки өлкөнүн чек арачылары атышууну токтото элек. Ошондой эле тажик тарап окуя болуп жаткан аймакка оор техника жеткирүүдө", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
14:29 03.06.2022
Кыргызстандын Чек ара кызматы абалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп, тажик кесиптештерин ок чыгарууну токтотууга чакырууда. Эгер буга макул болушпаса ведомство жооп кайтарууга аргасыз болору белгиленди.
14:29 03.06.2022
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча саат 13.00гө карата атышуу токтой элек болчу.

"Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон", — дешти ведомстводон.
Алдын ала маалымат боюнча, кыргыз тараптан эч ким жабыркаган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0