Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
4-июнда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ишембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +20…+25, Талас чөлкөмүндө +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19, Чолпон-Ата шаарында +16…+18 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош калаасында +25…+27 градус болот.
Бишкек — Нарын — Торугарт трассасында бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Боомдо жол мезгил-мезгили менен жабылат. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0