https://sputnik.kg/20220601/kandaj-oorusu-bar-adamdar-chajdan-kachyshy-kerek-1064852617.html
Кандай оорусу бар адамдарга чай ичүүгө болбойт? Диетологдун кеңеши
Кандай оорусу бар адамдарга чай ичүүгө болбойт? Диетологдун кеңеши
Sputnik Кыргызстан
Чай ичүү же ичпөө маселесин дарыгер менен талкуулап алуу керек. Организмдин өзгөчөлүгүнө жараша медиктер ар бир адамга ар башкача кеңеш бериши мүмкүн. 01.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-01T08:53+0600
2022-06-01T08:53+0600
2022-06-01T08:53+0600
ден соолук
диета
чай
адам
оору
кеңеш
дарыгер
https://sputnik.kg/img/07e6/02/14/1062206600_0:0:2940:1654_1920x0_80_0_0_e99ba82225ea1139eed7334528e3bb1f.jpg
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Диетолог Евгений Арзамастцев кандай илдеттери бар кишилер чайдан баш тартышы керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.Адистин айтымында, чай гипертония, подагра, уйкусуздук жана ашказан оорулары бар адамдарга сунушталбайт.Ал эми чайдын курамындагы кофеин кан басымын кескин жогорулатышы мүмкүн. Андыктан гипертония диагнозу коюлган адамдар дагы чайдан оолак болгону жакшы."Кофеин уйкусуздуктан жапа чеккендер үчүн да пайдасыз. Ошондой эле чай ичеги-карындагы көйгөйлөрдү күчөтүшү мүмкүн", — деди диетолог.Адис жогоруда аталган ооруларга кабылган адамдарга чай ичүү же ичпөө маселесин дарыгер менен талкуулап алышы керектигин эскертти. Организмдин өзгөчөлүгүнө жараша медиктер ар бир адамга ар башкача кеңеш бериши мүмкүн.
https://sputnik.kg/20220321/stomatolog-tishtin-onun-ehmneler-buzaryn-ajtty-1063000266.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/14/1062206600_126:0:2857:2048_1920x0_80_0_0_6b2f620ae1fef6fb2cb0a91fe87acd7b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ден соолук, диета, чай, адам, оору, кеңеш, дарыгер
ден соолук, диета, чай, адам, оору, кеңеш, дарыгер
Кандай оорусу бар адамдарга чай ичүүгө болбойт? Диетологдун кеңеши
Чай ичүү же ичпөө маселесин дарыгер менен талкуулап алуу керек. Организмдин өзгөчөлүгүнө жараша медиктер ар бир адамга ар башкача кеңеш бериши мүмкүн.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Диетолог Евгений Арзамастцев кандай илдеттери бар кишилер чайдан баш тартышы керектигин айтты. Бул тууралуу
РИА Новости агенттиги жазды.
Адистин айтымында, чай гипертония, подагра, уйкусуздук жана ашказан оорулары бар адамдарга сунушталбайт.
"Чай канчалык кызыл болсо, организмге ошончолук көп пурин заты кирет. Бул зат адамдын канында заара кычкылына айланып, бөйрөккө күч келтирет. Андыктан подагра менен ооруган адамдар чайдан баш тартып, болбосо, мала кызыл кылып ичиши керек", — деди Арзамастцев.
Ал эми чайдын курамындагы кофеин кан басымын кескин жогорулатышы мүмкүн. Андыктан гипертония диагнозу коюлган адамдар дагы чайдан оолак болгону жакшы.
"Кофеин уйкусуздуктан жапа чеккендер үчүн да пайдасыз. Ошондой эле чай ичеги-карындагы көйгөйлөрдү күчөтүшү мүмкүн", — деди диетолог.
Адис жогоруда аталган ооруларга кабылган адамдарга чай ичүү же ичпөө маселесин дарыгер менен талкуулап алышы керектигин эскертти. Организмдин өзгөчөлүгүнө жараша медиктер ар бир адамга ар башкача кеңеш бериши мүмкүн.
21 Жалган Куран 2022, 08:34