Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровЫсык-Көл жана Нарын облустарынын кесилишиндеги тоолор. Архив
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кесилишиндеги тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
1-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 1-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Республиканын дыйканчылык аймактарында жана Таласта күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23...+28, Талас жергесинде +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл чөлкөмүндө +14...+19, Нарын аймагында +15...+20 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ошто +26...+28 градуска жетет.
Эколог Гамал Соронкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Радио
Соронкулов: Чаткалда Кызыл китепке кирген алма өскөн жерден алтын казылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0