Сузактагы мугалим урган кыздын окуясы: омбудсмен бийликке кайрылды

© Фото / пресс-служба ЦИК КРКыргызстандын омбудсмени Атыр Абдрахматова. Архив
Кыргызстандын омбудсмени Атыр Абдрахматова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Жазылуу
Акыйкатчы Сузактагы мектеп окуучусу боюнча окуяда Баш мыйзамдын нормалары жана бир нече мыйзам бузулгандыгын билдирди.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын омбудсмени Атыр Абдрахматова Сузакта 7-класстын окуучусуна мугалимдин кол көтөрүшү боюнча бийликке кайрылгандыгын айтты.
Ал балдар эң маанилүү баалуулук деп каралган Конституцияда бир нече мыйзам бузулган деген пикирин билдирди. Акыйкатчынын айтымына караганда, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында балдар жана аялдардын укугу боюнча атайын комиссия болсо да, парламент бул боюнча өзүнүн позициясын билдирген жок.
"Мектепте балдарга карата зомбулук көп болуп кеткендигине байланыштуу парламентке кайрылам. Мындай фактыларды токтотуш керек. Эгерде биз реакция кылбасак, балдар мамлекет да, ата-энеси да аларды зомбулуктан коргобойт деп ойлоп калышат", — деди ал.
Акыйкатчы министрлер кабинетине мектептеги зомбулукту токтотуу, педагогдордун, ата-энелердин жана башкалардын балдарга жасаган катаал мамилеси боюнча ар бир фактыны ачык иликтеп, жыйынтыгында чара көрүүгө чакырды.
Абдрахматова Башкы прокуратураны иликтөө иштердин жүрүшүн көзөмөлгө алып жана мугалимдин билим деңгээли менен квалификациясына укуктук баа берүүгө чакырды. Анын айтымына караганда, кызга кол көтөргөн мугалимдин "башталгыч класстардын окутуучусу" адистиги боюнча кесиптик орто билими бар. 2013-жылдын 27-августунда ага персоналдык компьютердин оператору катары "Логос" компьютердик курс борборун аяктаганы үчүн сертификат берилген.
"Билим берүү министрлиги менен прокуратурадан анын жетинчи класстын окуучуларына сабак берүүгө кандай укугу болгондугун аныктоону талап кылабыз, бул баштапкы билим берген мектеп эмес да. Өспүрүмдөрдүн өткөөл мезгили болгондуктан алар атайын окутулушу керек", — деди Абдрахматова.
Өзү башкарган мектепте мыйзамсыз ыкмаларды киргизгендиги үчүн директордун ишине да баа берүүгө чакырды. Акыйкатчы кыйноолор боюнча Стамбул протоколунун формасын кайрадан толтуруп чыгууну талап кылды, формасы өз учурунда эмес жана сапатсыз толтурулган деген жүйөсүн келтирди.
Анын пикиринде Билим берүү жана илим министрлиги мындай фактылар болбош үчүн мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Абдрахматова жалпы билим берүүчү бардык мектептерде омбудсмендин 115 түз номери бар экендигин маалымдап, окуучуларга эгерде зомбулук жасалса чалыш керектигин айтып чыгышарын билдирди.
Ал эми ИИМден сөз болуп жаткан окуучу менен мугалимге психологиялык-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылды. Андан сырткары, аталган мугалимдин башка дагы мындай иштерди жасаган-жасабаганы боюнча сурамжылоо жасоону жана психологдордун катышуусу менен иликтөө жүргүзүүнү суранды.
Эске салсак, интернетке Сузак районундагы Сафаровка айылындагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин мугалими окуучу кызга кол көтөргөн учурунун видеосу тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, урушуп жатканы тартылган видео жүктөлгөн. Чуулгандуу окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, адистерден түзүлгөн атайын комиссия окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, натыйжада мугалим боюнча ишинен бошотулган. Кийинчерээк анын иштен кетпегени маалым болгон.
КРдеги билим берүү жана илим жаатында иштегендердин кесиптер бирлигинин борбордук комитетинин аппаратынын жетекчиси Ирина Афанасьева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Ишке алынчу мугалимдин психикалык абалы текшерилеби? Адистин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0