Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбасстын жашоочулары РФ менен ЛЭР аскерлерин кубанып тосуп алышты. Видео

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЛЭРдин элдик милициясынын аскер кызматчысы
ЛЭРдин элдик милициясынын аскер кызматчысы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Жазылуу
Алар байланыш каражаты жок болгондуктан кабарчы аркылуу туугандарына, жакындарына аман-эсен экендигин билдиришкен.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Северодонецкинин жашоочулары РИА Новостинин кабарчысына Луганскиге россиялык аскер күчтөрдүн киргенине кубанганын жана ишенбей жатканын айтып беришкен. Андан сырткары, алар байланыш каражаты жок болгондуктан кабарчы аркылуу туугандарына, жакындарына аман-эсен экендигин билдиришкен.
Мындан мурдараак Луганск Эл Республикасынын Элдик милициясынын расмий өкүлү Иван Филипоненко Россиянын куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен Донбасстагы Северодонецк аймагында украиналык күчтөрдүн коргонуу линиясына кирип, шаардан плацдармды ээлегендигин айткан эле. Анын билдиргенине караганда, украиналык аскерлер Северодонецк калаасындагы курулуштарда жашынып, өздөрү бир нече убакыт мурда таштап кеткен, эл жашаган райондорду аткылашууда.
"Баары кубанып жатышат. Кабарды коңшу үйлөргө айтканда (ЛЭР менен Россиянын аскерлери киргенин – ред.) баары кучактап, кубанып, адамдардын келгенине ишенишкен жок", — деп айтып берген РИА Новостинин кабарчысына шаардын тургуну Марина.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификациялап", Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Донбасстан Россияга келген качкандар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга Донбасс менен Украинадан 1,1 миллиондон ашуун качкын келген
Жаңылыктар түрмөгү
0