Кыргызстанда кумшекер дефицити жаралабы? "Кайыңды Канттын" жообу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКумшекер упаковкасы. Архив
Кумшекер упаковкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, Кыргызстанга жылына 120 миң тоннадай кумшекер керек.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын соцтармак айдыңында республикада кумшекердин дефицити жаралат деген божомол кызуу талкууга алынып жатат.
Көпчүлүк колдонуучулар Кыргызстандагы эң ири "Кайыңды Кант" заводу кумшекерди Казакстанга кымбат сатып, ошол эле баада ички рынокко дагы жайылтып жатканын айтышууда. ЖМКлар болсо кумшекердин баасы 90-95 сомго чыкканын жазды.
Казакстандык КТК телеканалы өлкөнүн көпчүлүк шаарларында кумшекер кымбаттаса, кээ бир соода түйүндөрүндө продукция жок калганын кабарлады. Буга байланыштуу кондитердик азыктар, шугаринг, керек болсо чач тарач кызматы кымбаттаган.
Sputnik "Кайыңды Кант" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаевге кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды:
"Мунун баары ушак. Биздин ЖЧК Казакстанга бир грамм кумшекер саткан жок. Кыргызстандын аймагында гана сатылып жатат. Кызылчаны декабрда кайра иштетип бүттүк. Ошондон бери кайра иштетилген кумшекерди сатып келгенбиз. Акыркы партиясын бир жума мурда саттык.
Бизге чийки камыш-кумшекери түшүп, завод кайра иштеткен. Бүгүн кыргызстандык ишканаларга, белгилүү соода түйүндөрүнө сатыла баштады.
Монополияга каршы күрөшүү кызматы менен социалдык баа боюнча жаңы келишим даярдадык. Ага ылайык, соода түйүндөрүнөн кумшекердин бир килограммын 79 сомдон, андан көп алгысы келгендер 85 сомдон сатып ала алышат.
Жалпы жонунан кумшекер кымбаттады, анткени соңку жумага чейин биз жергиликтүү продукцияны сатып жатканбыз. Эми болсо калк чет элдикин сатып алып жатат, анын баасын дүйнөлүк рынок аныктайт.
Помидордун түшүмүн жыйнап жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Евразия өнүктүрүү банкы агроөнөр жай долбооруна 8 млн. доллар берет
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстанда кызылча көп эгилиши керек. Ушул учурда гана бааны өзүбүз аныктайбыз.
Кыргызстанда талап боюнча кызылча 16 миң гектар жерге эгилиши керек болсо, быйыл 8,3 миң гектар гана жерге себилди. Өткөн жылы кургакчылык катуу болду. Ал эми кызылча көп сууну талап кылат. Быйыл дагы кургакчылык болот деп чочулаган фермерлер кызылча себүүдөн баш тартышты. Буга байланыштуу калкты кумшекер менен камсыздоо үчүн бизге мамлекеттин колдоосу керек. Кызылча эккен дыйкандарды колдогон программаларды иштеп чыгыш керек. Келерки жылы министрлер кабинетинин жардамы менен кызылча талаасынын аянты өсөт деп үмүт артып жатабыз.
ЕАЭБде кумшекерди ташууга жогорку пошлина бекитилген. Мындай нерсе ар бир мамлекет өзүнүн кумшекерин өз рыногунда сатуусу үчүн жасалууда. Бирок кумшекердин жетишсиздиги пайда болгондо ЕЭКтин чечими менен ар бир мамлекетке кумшекерди пошлинасыз ташууга квота бөлүнгөн. Кыргызстан өзүнүн дефицитин жабуу үчүн 105 миң тонна квота алган. Бул квота рыноктун катышуучулары арасында бөлүштүрүлүп жатат. Биздин ондогон компаниялар кумшекерди пошлинасыз ташып кирүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Кыргызстанга жылына 120 миң тоннадай кумшекер керек. Биздин эсептөөлөр боюнча сегиз гектардан 50-60 тонна кумшекер алабыз. 105 миң тоннага квотабыз бар. Жалпы жонунан 170 миң тоннага жакын кумшекерибиз болот. Ошон үчүн мен кабатырланган жокмун. Быйыл жашоо таттуу болот. Учурда биздин заводго 48 миң тонна чийки кумшекер ташылып келе жатат. Биз аны кайра иштетип даяр кумшекер алабыз.
Жакынкы эки айда кумшекердин көлөмү керектөөдөн ашып, баалар турукташат. Себеби бардык сатуучуда бар азыкты кымбат сатуу пайда алып келбей калат".
Супермакеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Экономист доллар арзандаса да баанын түшпөй жаткан себебин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0