Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мукашев: Россияга азык-түлүк агроэкспресс аркылуу ташыла баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев. Архив
Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Жазылуу
Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев азык-түлүк ассортименти ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде өскөндүктөн санкциялар уюмдун азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпасын белгиледи.
Россиянын демилгеси менен темир жол аркылуу агроэкспресс ишке кирүүдө. Ал аркылуу товарларды аталган өлкөгө тоскоолдуксуз жеткирүүгө мүмкүн болот. Бул тууралуу Азамат Мукашев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мукашев: Россияга азык-түлүк агроэкспресс аркылуу ташыла баштады
Анын айтымында, ЕАЭБде айыл чарба тармагы үчүн бирдиктүү санариптик платформа түзүү сунушталууда.
"Россия Федерациясына киргизилген санкциялар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпайт. Анткени эгинин эгүү үчүн Россияда жер аянты жетиштүү. Ал эми Кыргызстандын климаты жер-жемиштерди өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, тамак-аш ассортименти дал ушул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө өстүрүлөт. Ал үчүн ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү санарип платформа түзүлүп, уюмдун ичинде бардык продукция боюнча маалыматтар киргизилиши шарт. Бул багытта Кыргызстан менен Армения ишти жаңыдан баштап жатат. Ал эми башка өлкөлөр кыйла алдыга озуп кеткени байкалууда. Мына ошол платформа аркылуу кимде кайсы азык-түлүк бар экени белгилүү болот. Уюмга мүчө мамлекеттер бири-биринен ашык товарларды сатып алууга даяр. Эң негизгиси аны тоскоолдуксуз жеткирүүнү жолго коюу зарыл. Ал үчүн Россиянын демилгеси менен темир жол аркылуу агроэкспресс ишке кирүүдө. Аны менен азык-түлүк продукциялары "жашыл коридор" аркылуу түз белгиленген өлкөгө жеткирилет. Анын алгачкы рейси менен Россиядан тамак-аш алып келинип, жер-жемиш жүктөп жөнөтүлөт", — деди Мукашев.
Ошондой эле ал азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн фермерлерге колдоо көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0