Никита Михалков Бишкектеги форумда Евразия киноакадемиясын түзүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссер Никита Михалков
Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссер Никита Михалков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Жазылуу
Никита Михалков Бишкек шаарында өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумга катышууда.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссер Никита Михалков Евразия киноакадемиясы менен киносыйлыгын негиздөөнү сунуштады. Ал Бишкек шаарында өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумга катышууда.
"Бүгүн биз дүйнө жүзү бара жаткан чирүүдөн, бузулуудан өзүбүздү коргошубуз керек. Бул биздин (биримдиктеги өлкөлөр — ред.) бири-бирибизге окшоштугубуздан кабар берет", — деди Михалков.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетикалык жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болуп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Видеокамера менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Бишкекте кыргызстандык аял-режиссерлордун кинофоруму өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0