Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Эки миллионго чукул. Кыргызстанда бодо мал идентификацияланып бүттү

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКороодогу уйлар жана жылкы. Архив
Короодогу уйлар жана жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
Идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюунун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өлкөдө бардык бодо мал идентификациядан өттү. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.
Ал Евразия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Агроөнөр жай комплексинин санариптик экосистемасын өнүктүрүү" стратегиялык сессиясына катышты.
Адис белгилегендей, тармакты санариптештирүү өтө маанилүү. Анткени ал өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн бирдей шарттарды түзөт.
"Малды идентификациялоо системасы түзүлдү. Башкача айтканда, бодо малдын 100 пайызы каттоодон өттү. Бардыгы болуп 1 миллион 840 миң баш базага киргизилди", — деди министрдин орун басары.
Малдын башка түрлөрүн айта турган болсок, алардын 50 пайызы каттоодон өткөн.
Идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюунун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.
Sputnik Кыргызстан — Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү.
Уй фермасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
ЕАЭБ: Кыргызстанда союлган мал менен канаттуунун өндүрүшү өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0