Эртең Бишкектин бир нече көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

© AFP / PHILIPPE HUGUENЭлектр жабдыктары. Архив
Электр жабдыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Жазылуу
Электриктер дарактардын өсүп калган бутактарын кесип, трансформаторлорду текшерип, оңдоп-түзөйт.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Шаршемби күнү, 24-майда, Бишкек шаарынын бир нече жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Ал күнү иштеген электриктердин бригадалары дарактардын өсүп калган бутактарын кесип, трансформаторлорду текшерип, оңдоп-түзөйт.
Өчүрүү графиги:
8:00 - 17:00 — 110-квартал, Касым, Керемет жана Маданият конуштары. Буурдин, Месарош, Патрис Лумумба, Кайназаров, Талды-Суу, Темир, Салтанат, Профсоюз көчөлөрүнүн, Буурдин чолок көчөсүнүн тилкелери;
9:00 - 16:00 — Салиева жана Западная көчөлөрүнүн тилкелери;
9:00 до 17:00 — Саратов, Курманжан датка, Пудовкин, Карасаев көчөлөрүнүн тилкелери жана Уфа, Гранит, Гвардия чолок көчөлөрү. Булардан сырткары, Арча-Бешик конушунун (Чортеков жана Алты-Түтүн көчөлөрү) бир катар жерлеринде, 6-кичи райондогу №26 үйдө;
9:00 - 18:00 — Чыңгыз Айтматов проспектинин, Сухомлинов, Целинная, Айни көчөлөрүнүн бир катар тилкелеринде, Ала-Тоо (Көк-Кыя) жана Ак-Ордо конуштарында ( Тагай-Бий, Акыл Карачач);
9:30 - 12:00 — Көк-Жар ( №1-3,38 үйлөр) кичи районунун бир бөлүгү, андан сырткары, Жунай Мавлянов жана Шабдан баатыр көчөсү;
9:30 - 17:00 — Чүй проспекти менен Ибраимов, Токтогул, Шопоков, Киев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
9:30 - 17:30 — Энтузиасттар, Рига, Краснодончулар жана Баялинов көчөлөрүнүн тилкелеринде;
11:00 - 14:00 — Көк-Жар ( №1/1, 4, 5, 19 үйлөрү) кичи районунун бир бөлүгү;
13:00 - 17:00 — Манас проспекти жана Токтогул көчөсүнүн тилкелеринде;
13:00 - 18:00 — Көк-Жар конушунун (Босого, Молдокулов, Тоң жана Куйручук көчөлөрү) бир бөлүгүндө.
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
26-27-майда Бишкек менен Чүй облусунда жолдор жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0