Москвада туугандары тарабынан сабалды деген кыз. Бийлик окуяны көзөмөлгө алды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨспүрүм кыздын жанында муштум түйүп турган адам. Архив
Өспүрүм кыздын жанында муштум түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Жазылуу
Аталган факт боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Москвада туугандары тарабынан сабалды деген тестиер кыздын окуясы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармакта туугандарынын ур-токмогуна кабылган кичинекей кыздын видеосу тараган. Видеону жүктөгөндөрдүн айтымында, аны алыскы туугандарынын бири Москвага баласын бактырганга алып кетип, ошол жактан зомбулукка кабылган.
"2022-жылдын 22-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек кыздын жашаган жерине барышкан. Учурда ата-энеси менен макулдашып, ал кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүп жатканы кошумчаланды.
Балка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Чүй милициясы: күйөөсүнөн токмок жеген аял аны өлтүрүп тынды
Жаңылыктар түрмөгү
0