Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик 21 уюмдун тизмеси

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАвтоматчан киши. Архивдик сүрөт
Автоматчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Эң акыркысы болуп 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын-Инкар" уюмунун иштешине бөгөт коюлган.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 21 диний, экстремисттик жана террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Алар соттун чечими менен "кара тизмеге" киргизилген. Эң акыркысы болуп 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын-Инкар" уюмунун иштешине бөгөт коюлган.
Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмеси:
"Аль-Каида" — 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Талибандар кыймылы" — 2006-жылы 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп эсептелген;
"Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм деп табылган;
"Күрд элдик конгресси" ("Конгра-Гель") — 2008-жылы 11-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюмдардын катарына киргизилген;
"Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм экени белгилүү болгон;
"Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп табылган;
"Жихад тобу" — 2008-жылдын 11-июнунда Биринчи май райондук соту террордук уюм деп тапкан;
"Түркстан Ислам партиясы" ("Өзбекстан Ислам кыймылы") — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары таанылган;
"Мун чиркөөсү" — 2012-жылы 22-февралда Свердлов райондук сотунун чечими менен өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Жайшуль Махди" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
Ички иштер министрлигинин ардагери, запастагы полковник Аскар Мукашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Полковник Мукашев: Сириядагы кызын издеп барып террордук уюмга кирген энелер болгон
"Жундь-аль Халифат" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;
"Ансаруллох" (Ансарул Аллах) — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес;
"Ат-Такфир Валь-Хиджра" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;
"Акромия" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен экстремисттик уюм катары табылып, ишмердүүлүгү токтотулган;
"Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук соту экстремисттик уюм деп тапкан;
Ислам мамлекети (ИГИЛ, ДАИШ) — 2015-жылы 13-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Джабхат ан-Нусра" — 2015-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту террордук жана экстремисттик уюм деген чечим чыгарган;
"Катибат аль-Имам аль-Бухари" ("Имама Бухаринин батальону") — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм деп табылган;
"Жаннат Ошиклари" — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм экени аныкталган;
"Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" — 2016-жылы 17-мартта Ош шаардык соту террордук уюм деген чечим чыгарган;
"Йакын-Инкар" — 2017-жылы 15-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен республика аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.
Намаз учурунда мылтык менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
ИИМ диний экстремизмди алдын алуу үчүн кандай аракет көргөнүн айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0