Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Осмонов: кан басымы жогорулар күнүнө 1,5 грамм гана туз жеши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан көп адамдардын кан басымы жогору экенин айтты.
Гипертония же гипертензия — бул кан басымдын жогорулап кетүүсү. Мындай абал кандайдыр бир убакыттан кийин патологиялык процесске (жүрөк, баш, мээ, бөйрөк, көз оорулары) алып келет. Адатта кан басымынын жогорулашын анын даражаларын текшерүү аркылуу билишет. Артериялык гипертонияга жашы улгайган адамдар көп учурашат. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Осмонов: кан басымы жогорулар күнүнө 1,5 грамм гана туз жеши керек
Анын айтымында, тилекке каршы, 90 пайыз бейтапта гипертония эмнеден улам пайда болгону белгисиз. Андыктан башка оорулуу кабыл алып жаткан дары-дармекти ичүүгө болбойт.
"Кан басымынын жогорулаганы адамга сезилбегени — көйгөйлүү маселе. Ошондуктан артериялык гипертония менен ооруган бейтаптар дарыгерге кайрылбастан көпкө чейин жүрө бериши мүмкүн. Ооруну кандын басымын дайыма текшерүү аркылуу гана билүүгө болот. Ал эми бара-бара артериялык гипертонияга кабылган адамдын жүрөгү чоңоюп, атеросклероз тез өнүгөт. Мындан тышкары, көздүн тор кабыгынын кан тамырлары жабыркап, кээде кан тамыр жарылат. Мына ушундай процесстер күчөп отуруп, акыры өмүргө коркунуч алып келген эки ооруну чакырат. Алар инфаркт жана мээ инсульту (мээге кан куюлуп кетүү). Эң өкүнүчтүүсү, бул оорулар күтүүсүз кармашы мүмкүн. Бекеринен артериялык гипертонияны байкалбай жүрүп өлүмгө кептейт дешпесе керек. Кан басым көтөрүлгөндө көздөр караңгылап, баш айланат, ооруйт, кускусу келип, кулак чуулдайт. Кан басымынын нормалдуу деңгээли 120/80ден төмөн деп эсептелет. Бирок мындан жогору болгондо деле дарыгерлер ар дайым эле гипертония диагнозун кое бербейт. Бул ар бир адамдын организминин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Мисалы, кээ бир адамдар 140/110 кан басымы менен өзүн ыңгайлуу сезет, ал эми башкаларынын кан басымы 130/80ге жеткенде эле башы ооруйт. Ооруну алдын алуу үчүн жашоо образын өзгөртүп, дары-дармек терапиясынан өтүү керек. Дары-дармексиз дарыланууда салмакты көзөмөлдөө шарт. Гипертониялык оору менен жабыркаган адамдын салмагынын азайышы анын кан басымын төмөндөтөт. Көбүнчө жер-жемиш, жашылча, калий, магний, калцийге бай тамак-аш, балык жана деңиз азыктарын пайдаланып, майлуу тамактарды, тузду (күнүмдүк норма 1,5 грамм) азайтуу шарт. Тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү да кан басымын жогорулатат. Булардан тышкары, көп кыймылдоо (жөө басуу, сууда сүзүү, велосипед тебүү) талап кылынат", — деди Осмонов.
Дарыгер гипертония өмүр бою калуучу өнөкөт оору болгондуктан дайыма дарыгердин берген дарысын ичип, көзөмөлдөн өтүп туруу зарыл экенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0