Ар бир бүлө 1,5 миң доллар насыя ала алышат. Нарындагы долбоор

© Фото / Алмазбек ОмурзаковНарында "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору башталды
Нарында Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу долбоору башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Насыя айыл аймактарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө, башкача айтканда, үчтөн ашык уйу, 5 гектардан ашык жери жок үй-бүлөлөргө берилерин айтышты.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Нарында "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган долбоордун алкагында сүт багытындагы асыл тукум фермаларды көбөйтүү, сүт багытындагы бодо малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, сүттү кайра иштетүүчү заводдорго танкерлерди алып берүү, үрөн фонддорун уюштуруу, аймактык ветеринардык диагностикалык борборлорду колдоо иш-чаралары колдоого алынмакчы.
Долбоордун максаты — сүт багытындагы бодо малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү жана коронавирустан кийинки экономиканы калыбына келтирүү шартында Кыргызстандын айрым аймактарында майда фермерлердин туруктуулугун камсыз кылуу.
Аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу каржыланып, жалпы суммасы 17 миллион долларды түзөт. 50 пайызы грант, 50 пайызы кредит түрүндө 38 жылга берилет. Долбоорго Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустары камтылган. Нарын облусуна 5 миллион доллары каралары мерчемделген.
Долбоорду аткаруучу органдар — Айыл чарба жана Каржы министрликтери.
Долбоордун Нарын облусунда иш алып бара турган өкүлдөрү үчүн президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн иш бөлмө берилген. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев долбоордун өкүлдөрүн кабыл алып, натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууга долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Мелисса Браун, долбоордун мал чарбасы боюнча адиси Мохаммед Шамсуддин, экология боюнча башкы адис Лулва Алиа, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун жетекчиси Төрөгул Беков, долбоордун эксперти Таалайбек Кошматов, Нарын облусундагы координатору Нурбек Молдокадыров жана башка өкүлдөр катышты.
Ашимбаев долбоордун өкүлдөрүн жылуу кабыл алып, долбоор сүт кластери менен иш алып барууга эң чоң өбөлгө болорун, анын ишке ашуусун өзү көзөмөлгө аларын айтып, облустун элинин атынан ыраазычылык билдирди.
Долбоордун өкүлдөрү буга чейин Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү ишке ашканын, буюрса Нарын облусунда дагы натыйжалуу болорун белгилешти.
Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун жетекчиси Төрөгул Бековдун айтымында, долбоордун алкагында Нарын облусундагы ветеринардык лабораторияга евростандартка ылайык сертификат берүү үчүн 200-300 миң доллар бөлүнөт. Мындан сырткары, сүт багытындагы уйлардын асылдуулугун арттыруу максатында 3000-4000 уй жасалма уруктандырылып, асыл тукум музоолор алынат. Ошондой эле алыскы айылдардагы дыйкан-фермерлерден сүт заводдорго сүт ташуу үчүн муздаткычы менен атайын техникалар – танкерлер сатып берилет. 3 облустан 100 айыл өкмөткө тоют маселесин жакшыртуу үчүн 1 миллион сомдон каражат бөлүнөт. Эң негизгиси, сүт багытындагы уйларды сатып алуу максатында 3 облуска 10 миллион доллар жеңилдетилген насыялар берилет.
КР Каржы министрлигине караштуу Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн каржы менеджери Мехрибан Давлесованын айтымында, долбоордун үчүнчү компонентине, тактап айтканда, кайтарымдуу фондго 10 миллион доллар бөлүнөт. Анын 9 млн. 6 миң доллары Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы сүт өндүрүүчүлөрдүн тобуна үстөксүз, салыксыз насыя берүүгө жумшалат. Насыя айыл аймактарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө, башкача айтканда, үчтөн ашык уйу, 5 гектардан ашык жери жок үй-бүлөлөргө берилет. Ар бир үй-бүлөгө 1,5 миң доллар өлчөмүндө насыя алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн 4-8 кишиден турган топтор түзүлүп, ошол топтун мүчөлөрү ала алышат. Алар бул боюнча ар бир айылда маалымат компаниялары жүргүзүлөрүн билдиришти.
Сафлор өсүмдүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Нарын: жергиликтүү бийлик сафлор өстүрүп, андан май алууну пландап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0