Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айдарбекова: Конституцияны ар ким өз пайдасына чечмелеп, иштебей калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Соттун Конституциялык палатасынын экс-судьясы Чынара Айдарбекова
Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын экс-судьясы Чынара Айдарбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын экс-судьясы Чынара Айдарбекова өлкөдө Баш мыйзамды ар ким өз кызыкчылыгына чечмелей берип, ал иштебей калып жатканын белгиледи.
Аракеттеги, ага чейинки Конституциялардын баары эле жакшы жазылган. Аны практикада колдонууда гана маани-маңызы бурмаланып кетүүдө. Негизи эле юристтер, мамлекеттик жана саясий ишмерлер Баш мыйзамга терс баа берүүдөн карманышы керек. Анткени аларды карапайым калк карап турат. Мындай пикирин Чынара Айдарбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Айдарбекова: Конституцияны ар ким өз пайдасына чечмелеп, иштебей калууда
Анын айтымында, юристтер, мамлекеттик жана саясий кызматкерлер мыйзамдуулукту жогору коюшу керек.
"Негизинен Баш мыйзам — спецификалык документ. Ага жөнөкөй жарандар укугу бузулган учурда гана кайрылышы ыктымал. Ошондуктан Конституция менен иштеген адамдар билимдүү, сөзгө бекем болушу шарт. Мына ошондо аталган документте жазылган принциптер иштейт. Мисалы, АКШнын Жогорку Соту Конституцияны чечмелеп, кайсы бир принципти же негизди кандай түшүнүү керектиги боюнча мамлекеттик органдарга буйрутма сыяктуу багыт берет. Аны башкалар кабыл алып, аткарат. Ошондуктан ал жакта мыйзамдын үстөмдүгү орнотулган. Ал эми Кыргызстанда коомдук келишим таанылбай жатат. Ал тургай Конституцияны киргизген саясий лидерлер аны колдонбой, ар кандай юрист, саясатчылар аркылуу аны өз кызыкчылыгына тууралап чечмелеген учурлар эгемендүүлүк алгандан бери кайталанып келе жатат. Ошондуктан юристтер өз принциптерине бекем турса, саясий лидерлер деле ошого көнөт. Маселен айрым учурда Конституциялык палата баш мыйзамды чечмелеп, багыт берсе аны Жогорку Кеңеште талкуулап, аткаруу керекпи же жокпу дегендей түр калтырышууда. Бул туура эмес. Анткени Баш мыйзамды чечмелөө ыйгарым укугу Конституциялык палатага берилген. Анын чечмелөөсүн бардык институттар кабыл алып аткарышы керек", — деди Айдарбекова.
Ошондой эле ал элге жол көрсөтө тургандар мыйзамдар жаман деп жатса, анын аткарылышы күмөн жаратарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0