Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
21-23-майда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. 21-майда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+28, Таласта +20...+25, Ош жергесинде +16...+17, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл чөлкөмүндө +17...+22, Нарын аймагында +13...+18 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +26...+28 жана Ошто +27...+29 градуска жетет.
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0