Чек ара чырында көз жумган Кубанычбековго арналып өз айылында сквер ачылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба села Ак-МузАт-Башы районунун Ак-Муз айылында Баткендеги чек ара чырынан улам курман болгон Эсентур Кубанычбековдун элесине арналып сквер жасалды
Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Баткендеги чек ара чырынан улам курман болгон Эсентур Кубанычбековдун элесине арналып сквер жасалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Эсентур былтыр тажик тарап кыргыз айылдарына кол салган учурда окко учкан.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Баткендеги чек ара чырынан улам курман болгон Эсентур Кубанычбековдун элесине арналып сквер жасалды. Бул тууралуу Ак-Муз айыл өкмөтүнөн билдирди.
© Фото / пресс-служба села Ак-Муз

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Баткендеги чек ара чырынан улам курман болгон Эсентур Кубанычбековдун элесине арналып сквер курулду

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Баткендеги чек ара чырынан улам курман болгон Эсентур Кубанычбековдун элесине арналып сквер курулду - Sputnik Кыргызстан
1/2

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Баткендеги чек ара чырынан улам курман болгон Эсентур Кубанычбековдун элесине арналып сквер курулду

© Фото / пресс-служба села Ак-Муз

Чек арачынын ысымын түбөлүк калтыруу максатында киндик каны тамган жеринде айылдаштары чакан парк курууну демилгелеген. Аны жүзөгө ашырууга 500 миң сом сарпталганы айтылды

Чек арачынын ысымын түбөлүк калтыруу максатында киндик каны тамган жеринде айылдаштары чакан парк курууну демилгелеген. Аны жүзөгө ашырууга 500 миң сом сарпталганы айтылды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Чек арачынын ысымын түбөлүк калтыруу максатында киндик каны тамган жеринде айылдаштары чакан парк курууну демилгелеген. Аны жүзөгө ашырууга 500 миң сом сарпталганы айтылды

1/2

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Баткендеги чек ара чырынан улам курман болгон Эсентур Кубанычбековдун элесине арналып сквер курулду

2/2

Чек арачынын ысымын түбөлүк калтыруу максатында киндик каны тамган жеринде айылдаштары чакан парк курууну демилгелеген. Аны жүзөгө ашырууга 500 миң сом сарпталганы айтылды

Чек арачынын ысымын түбөлүк калтыруу максатында киндик каны тамган жеринде айылдаштары чакан парк курууну демилгелеген. Аны жүзөгө ашырууга 500 миң сом сарпталганы айтылды.
Эсентур Кубанычбеков 1991-жылдын 22-январында Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1998-жылы Боогачы орто мектебинин босогосун аттап, 8-класска чейин билим алган. Мектепте үлгүлүү жана алдынкы окуучулардын бири болчу. 2006-2009-жылдары Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейин бүтүргөн. 2009-2014-жылдары Россиянын Курган шаарында беш жыл чек ара адистиги боюнча билимин жогорулатып келген. Кийин Каракол шаарындагы "Эңилчек" заставасында командирдин орун басары болуп 4 жыл иштеген. 2018-жылдан тарта Чек ара кызматынын Нарын районундагы атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болчу. Чек ара кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы "Бөрү" атайын аскер тобунда иштеп келген. 2019-жылы Түркияда өз кесиби боюнча 3 айлык окуу курсунан өткөн. Капитан чини бар эле.
2021-жылдын 28-апрелинде күндүз Баткендеги чек арада жаңжал чыккан, тагыраагы, Тажикстан кол салган. Чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууну чечкенден соң башталган. Кыргыз-тажик чек арасындагы бул кандуу окуяда 204 киши жабыркап, анын 168и жаракат алса, 36сы көз жумган. Алардын арасында жай жарандар, өспүрүм кыз жана жоокерлер болгон.
Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбековдун бюсту Нарын шаарында тургузулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Нарында кыргыз-тажик чырында курман болгон Кубанычбековдун бюсту коюлду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0