00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Нарында кыргыз-тажик чырында курман болгон Кубанычбековдун бюсту коюлду. Видео

© Фото / Алмазбек ОмурзаковКыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбековдун бюсту Нарын шаарында тургузулду
Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбековдун бюсту Нарын шаарында тургузулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Жазылуу
НАРЫН, 28-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбековдун бюсту Нарын шаарында тургузулду.
Мындан бир жыл мурда, тактап айтканда, өткөн жылдын 29-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Теңир-Тоонун мекенчил уулу Эсентур Кубанычбеков эл-жерин коргоп жатып баатырларча курман болгон.
Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, эли-жеринин тынчтыгы үчүн окко учкан Эсентур Кубанычбековдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси жана материалдык колдоосу менен Нарын шаарындагы Жамин Акималиев атындагы Жеңиш паркына баатырдын бюсту орнотулду.
Ага карата Нарындагы "Тайлак баатыр" атындагы №2025 чек ара аскер бөлүгүндө Эсентур Кубанычбековду эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, айкел андан кийин ачылды.
© Фото / Алмазбек Омурзаков

Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбековдун бюсту Нарын шаарында тургузулду

Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбековдун бюсту Нарын шаарында тургузулду - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбековдун бюсту Нарын шаарында тургузулду

© Фото / Алмазбек Омурзаков

Мындан бир жыл мурда, тактап айтканда, өткөн жылдын 29-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Теңир-Тоонун мекенчил уулу Эсентур Кубанычбеков эл-жерин коргоп жатып баатырларча курман болгон

Мындан бир жыл мурда, тактап айтканда, өткөн жылдын 29-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Теңир-Тоонун мекенчил уулу Эсентур Кубанычбеков эл-жерин коргоп жатып баатырларча курман болгон - Sputnik Кыргызстан
2/3

Мындан бир жыл мурда, тактап айтканда, өткөн жылдын 29-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Теңир-Тоонун мекенчил уулу Эсентур Кубанычбеков эл-жерин коргоп жатып баатырларча курман болгон

© Фото / Алмазбек Омурзаков

Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, эли-жеринин тынчтыгы үчүн окко учкан Эсентур Кубанычбековдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси жана материалдык колдоосу менен Нарын шаарындагы Жамин Акималиев атындагы Жеңиш паркына баатырдын бюсту орнотулду.

Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, эли-жеринин тынчтыгы үчүн окко учкан Эсентур Кубанычбековдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси жана материалдык колдоосу менен Нарын шаарындагы Жамин Акималиев атындагы Жеңиш паркына баатырдын бюсту орнотулду. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, эли-жеринин тынчтыгы үчүн окко учкан Эсентур Кубанычбековдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси жана материалдык колдоосу менен Нарын шаарындагы Жамин Акималиев атындагы Жеңиш паркына баатырдын бюсту орнотулду.

1/3

Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбековдун бюсту Нарын шаарында тургузулду

2/3

Мындан бир жыл мурда, тактап айтканда, өткөн жылдын 29-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Теңир-Тоонун мекенчил уулу Эсентур Кубанычбеков эл-жерин коргоп жатып баатырларча курман болгон

3/3

Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, эли-жеринин тынчтыгы үчүн окко учкан Эсентур Кубанычбековдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси жана материалдык колдоосу менен Нарын шаарындагы Жамин Акималиев атындагы Жеңиш паркына баатырдын бюсту орнотулду.

Эскерүү театрлаштырылган программа менен башталып, Эсентурдун өмүр жолу, эрдиги слайддык тасмада таасын чагылдырылды. Ашимбаев күлгүндөй 30 жашында шейит болгон Эсентурдун эрдигине таазим кылып, жакындарына сабыр тиледи.
"Эсентурдун ысымын келечекке жеткирүү иш-чаралары муну менен чектелбей, үзгүлтүксүз улантыла берүүгө тийиш", — деди ал.
Иш-чарада "Тайлак баатыр" атындагы №2025 чек ара аскер бөлүгүнүн командири Курманбек Исраилов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, аскер ардагерлери, Эсентурдун бир туугандары, курсташ, курбулары, кесиптештери жоокерди эскеришти.
Эсентур Кубанычбеков 1991-жылдын 22-январында Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1998-жылы Боогачы орто мектебинин босогосун аттап, 8-класска чейин билим алган. Мектепте үлгүлүү жана алдынкы окуучулардын бири болчу. 2006-2009-жылдары Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейин окуп бүтүргөн. 2009-2014-жылдары Россиянын Курган шаарында беш жыл чек ара адистиги боюнча билимин жогорулатып келген. Кийин Каракол шаарындагы "Эңилчек" заставасында командирдин орун басары болуп 4 жыл иштеген. 2018-жылдан бери Чек ара кызматынын Нарын районундагы атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болчу. Чек ара кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы "Бөрү" атайын аскер тобунда иштеп келген. 2019-жылы Түркияда өз кесиби боюнча 3 айлык окуу курсунан өткөн. Капитан чини бар эле.
2021-жылдын 28-апрелинде күндүз Баткендеги чек арада жаңжал чыккан, тагыраагы, Тажикстан кол салган. Чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууну чечкенден соң башталган. Кыргыз-тажик чек арасындагы бул кандуу окуяда 204 киши жабыркап, анын 168и жаракат алса, 36сы көз жумган. Алардын арасында жай жарандар, өспүрүм кыз жана жоокерлер болгон.
Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы Кыргызстандын желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Бейкүнөө соолуган өмүрлөр. Чек ара чырында көз жумгандардын элесине арналган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0