"Музейдеги түн" кандай өттү? Искусство дүйнөсүн чагылдырган 14 сүрөт
"Музейдеги түн" кандай өттү? Искусство дүйнөсүн чагылдырган 14 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан "Музейдеги түн" эл аралык акциясын колдоду. Ага борбор калаадагы бир нече музейлер катышып, ар бири өзүнчө түрдүү программаларды даярдады. 19.05.2022, Sputnik Кыргызстан
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде ачык эшиктер күнү өттү. Коноктор экскурсияларга, лекцияларга, живопись жана скульптура боюнча мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Мындан тышкары, музейге келгендерге Гапар Айтиев менен Семён Чуйковдун юбилейлерине карата жаңыланган экспозиция, жарманке, заманбап искусство чеберлеринин лекциялары жана концерттик программа тартууланды.Ошону менен катар бул жерде Россия искусствосунун көргөзмөсү ачылды. Анда 18-19-кылымдагы, ошондой эле совет доорундагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери бар. Бул көргөзмө музейде туруктуу болуп калмакчы.Ал эми Мамлекеттик тарых музейи театрлаштырылган программасын тартуулады.
Кыргызстан "Музейдеги түн" эл аралык акциясын колдоду. Ага борбор калаадагы бир нече музейлер катышып, ар бири өзүнчө түрдүү программаларды даярдады.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде ачык эшиктер күнү өттү. Коноктор экскурсияларга, лекцияларга, живопись жана скульптура боюнча мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Мындан тышкары, музейге келгендерге Гапар Айтиев менен Семён Чуйковдун юбилейлерине карата жаңыланган экспозиция, жарманке, заманбап искусство чеберлеринин лекциялары жана концерттик программа тартууланды.
Ошону менен катар бул жерде Россия искусствосунун көргөзмөсү ачылды. Анда 18-19-кылымдагы, ошондой эле совет доорундагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери бар. Бул көргөзмө музейде туруктуу болуп калмакчы.
Ал эми Мамлекеттик тарых музейи театрлаштырылган программасын тартуулады.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Россия искусствосунун көргөзмөсүн колдоп, келгендерге көрүнүктүү сүрөтчү Борис Кустодиевдин 1919-жылы тартылган "Волгадагы кыз" картинасы тууралуу айтып берди