Бишкекте косметологиялык кызмат көрсөткөн жайлар текшерилди. Жыйынтыгы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКосметологиялык жай. Архив
Косметологиялык жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Жазылуу
Министрлик бир катар мекемелерде санитардык тартиптин бузулуп жатканын айтып, ал жерде адамдар үчүн жаралган кооптуулуктар бар экенин эскертти.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Борбор калаада косметологиялык кызмат көрсөткөн 63 жай текшерилгенин Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Сулуулук жайларынын ичинен 27си лицензиясыз иштеп, операция жасоо менен мыйзамсыз алектенип жаткандыгы аныкталган.
"Ал жакта санитардык-эпидемиологиялык тартип олдоксон бузулуп, медициналык калдыктар жок кылынбай жалпы контейнерге аралашып салынары аныкталды. Бул жерлерден кардарлардын ВИЧ, В, С гепатитин, кургак учук сыяктуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу жогору. Алардын көбү тиешелүү документтери жок туруп, косметологдукка окутуп келишкен", — деп айтышты министрликтен.
17 клиника боюнча документтерди тартип коргоо органдарына жөнөтүшкөн. 10 мекемеге эскертүү берилип, айып салынды.
Капельница коюп жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Кыргызстанда 111 жеке медициналык кабинет жабылат. Министрликтин билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0