Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Капалбаев: байбиче "бай эпчи" дегенди түшүндүрөт

© Sputnik / Асель СыдковаТарыхчы, этнограф Октябрь Капалбаев. Архив
Тарыхчы, этнограф Октябрь Капалбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Тарыхчы, этнограф Октябрь Капалбаев "аял" сөзүн "катын" деп айтуу түпкү маанисинде туура болорун айтты.
"Катын" деген сөз санскрит тилинен которгондо суу деген маанини берет. Обо эне, Ева же болбосо апа — бул деле ошол аба дегенди түшүндүрөт. Хатун деген дарыя бар. Себеби эненин өзөгү суудан турат. Мындай пикирин Октябрь Капалбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Капалбаев: байбиче "бай эпчи" дегенди түшүндүрөт
Анын айтымында, жаш кезинде жесир калып кайра турмуш курган аялды кыргызда "келинчек" (чектелген келин деген мааниде) деп аташкан. Бул тууралуу Юдахиндин сөздүгүнө да кирген.
"Аял деген сөз араб тилинен алганда "рахат тартуулоочу" дегенди түшүндүрөт экен. Аялдай тур, аялдоо, аялдама деген сөздөр бар го бизде, маанисинде токтой туруу, кыска убакытка тура туруу дегенди билдирет. Азыр эми "аял" эмес, "катын" деп айткыла деп үндөөдөн алысмын. Анткени аял деген жумшак айтылып, кулакка сүйкүмдүү угулат экен. Советтер Союзунун кириши менен "катын" термини эскинин калдыгындай лексиконубуздан чыгып калган. Анткени чындыгында айтылышы копол, угулушу одоно. Бирок түпкү маанисинде жакшы сөз. Ошондой эле "эже" деген "эпчи" дегендин эле бузулуп айтылышы. Кыргызда катындын дагы бир аты — эпчи болгон. Алтайлык кыргыздар бүгүнкү күндө деле аял эмес, эпчи дешет. "Апче", "абже" деген термин да ушул эле "эпчи" дегенди, азыркы тилде айтканда, "аял" дегенди туюнтат. Мисалы, ошол эле "кемеге", "очок", "коломто" үчөө үч башка буюм. Кемеге бул жерди оюп жасаганы, очок жер үстүндөгүсү, ал эми коломто боз үйдүн ичине курулган. Бирок астана, улага, босого, иреге төртөө бир эле маанини берет. Астана асты, иреге, киреге же болбосо кире турган жер дегенди, босого басар жериң, улага, андан ары үй уланып кетет дегенди түшүндүрөт. Кыргыз тилинин уникалдуулугу ушунда, ар бир сөздүн түпкү маанисин билүүдө анын уңгусун кыймыл этишине айландырып көрсөң, тереңинен түшүндүрмөсү чыга келет", — деди Капалбаев.
Ал үй-бүлө деген да "үйүү", "жыюу", "чогултуу" деген менен "бүлө" бул бычакты бүлөлөгөндөй эле "кам көрүү" дегенди туюнтуп, жыйынтыгында тапканын ташып үйүп, жыя турган, анда жашагандарга кам көрө турган жай дегенди түшүндүрөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0