Сахнага 13 жашында чыккан таңкы жылдыз. Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөттөрү
Сахнага 13 жашында чыккан таңкы жылдыз. Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнү. Кыргызстандын эң алгачкы балет бийчисинин көзү тирүү болгондо быйыл 96 жашка толмок. 17.05.2022, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артистинин сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Фрунзеге жакын Воронцовка айылында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей Бүбүсара он жашында Ленинград шаарындагы Анна Ваганова атындагы Орус балет академиясына келип билим ала баштаган. Себеби 1936-жылы ал жакка Кыргыз ССРинин өнөрлүү балдары биринчи ирет окууга жөнөтүлгөн. Бейшеналиева сахнага алгач ирет 13 жашында чыгып, Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында чоң театрда өнөрүн көрсөткөн.Балерина окуу жайды 1941-жылы аяктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын биринчи солисти болгон. Ал театрда "Селкинчектеги" карапайым Зейнурадан баштап "Чолпон" балетиндеги сыйкырчы Айдайга чейинки отуздан ашуун образды жараткан. Талыкпаган эмгеги менен СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Белгилүү балерина Кыргыз ССРинин эл артисти Уран Сарбагышев менен 18 жыл бою сахнага чыккан.Балерина 1973-жылдын 10-майында узак мөөнөткө созулган оорудан каза тапкан.Sputnik Кыргызстандын таланттуу инсан тууралуу даярдалган көлөмдүү материалын окуп, кошумча маалымат алыңыз.Тема боюнча:
Бүгүн белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнү. Кыргызстандын эң алгачкы балет бийчисинин көзү тирүү болгондо быйыл 96 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артистинин сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Фрунзеге жакын Воронцовка айылында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей Бүбүсара он жашында Ленинград шаарындагы Анна Ваганова атындагы Орус балет академиясына келип билим ала баштаган. Себеби 1936-жылы ал жакка Кыргыз ССРинин өнөрлүү балдары биринчи ирет окууга жөнөтүлгөн. Бейшеналиева сахнага алгач ирет 13 жашында чыгып, Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында чоң театрда өнөрүн көрсөткөн.
Балерина окуу жайды 1941-жылы аяктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын биринчи солисти болгон. Ал театрда "Селкинчектеги" карапайым Зейнурадан баштап "Чолпон" балетиндеги сыйкырчы Айдайга чейинки отуздан ашуун образды жараткан. Талыкпаган эмгеги менен СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Белгилүү балерина Кыргыз ССРинин эл артисти Уран Сарбагышев менен 18 жыл бою сахнага чыккан.
Балерина 1973-жылдын 10-майында узак мөөнөткө созулган оорудан каза тапкан.