Сахнага 13 жашында чыккан таңкы жылдыз. Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнү. Кыргызстандын эң алгачкы балет бийчисинин көзү тирүү болгондо быйыл 96 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артистинин сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Фрунзеге жакын Воронцовка айылында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей Бүбүсара он жашында Ленинград шаарындагы Анна Ваганова атындагы Орус балет академиясына келип билим ала баштаган. Себеби 1936-жылы ал жакка Кыргыз ССРинин өнөрлүү балдары биринчи ирет окууга жөнөтүлгөн. Бейшеналиева сахнага алгач ирет 13 жашында чыгып, Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында чоң театрда өнөрүн көрсөткөн.
Балерина окуу жайды 1941-жылы аяктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын биринчи солисти болгон. Ал театрда "Селкинчектеги" карапайым Зейнурадан баштап "Чолпон" балетиндеги сыйкырчы Айдайга чейинки отуздан ашуун образды жараткан. Талыкпаган эмгеги менен СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Белгилүү балерина Кыргыз ССРинин эл артисти Уран Сарбагышев менен 18 жыл бою сахнага чыккан.
Балерина 1973-жылдын 10-майында узак мөөнөткө созулган оорудан каза тапкан.
Sputnik Кыргызстандын таланттуу инсан тууралуу даярдалган көлөмдүү материалын окуп, кошумча маалымат алыңыз.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Балерина алгачкы жолу чоң сахнага 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында чыккан

Балерина алгачкы жолу чоң сахнага 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында чыккан - Sputnik Кыргызстан
1/16

Балерина алгачкы жолу чоң сахнага 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында чыккан

© Sputnik / РИА Новости

Бүбүсара Бейшеналиева борбор калаадагы Опера жана балет театрында өмүрүнүн аягына чейин иштеген

Бүбүсара Бейшеналиева борбор калаадагы Опера жана балет театрында өмүрүнүн аягына чейин иштеген - Sputnik Кыргызстан
2/16

Бүбүсара Бейшеналиева борбор калаадагы Опера жана балет театрында өмүрүнүн аягына чейин иштеген

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Бий периштеси Бүбүсара Бейшеналиева уулу Эрмек менен

Бий периштеси Бүбүсара Бейшеналиева уулу Эрмек менен - Sputnik Кыргызстан
3/16

Бий периштеси Бүбүсара Бейшеналиева уулу Эрмек менен

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетиндеги Одеттанын ролунда

Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетиндеги Одеттанын ролунда - Sputnik Кыргызстан
4/16

Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетиндеги Одеттанын ролунда

© Фото / Александр Федоров

"Чолпон — таңкы жылдыз" тасмасынан алынган кадр, 1959-жыл. Режиссеру Юз Герштейн

"Чолпон — таңкы жылдыз" тасмасынан алынган кадр, 1959-жыл. Режиссеру Юз Герштейн - Sputnik Кыргызстан
5/16

"Чолпон — таңкы жылдыз" тасмасынан алынган кадр, 1959-жыл. Режиссеру Юз Герштейн

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз ССРинин артисти Ирина Деркембаева менен СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева. Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү, 1969-жыл.

Кыргыз ССРинин артисти Ирина Деркембаева менен СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева. Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү, 1969-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/16

Кыргыз ССРинин артисти Ирина Деркембаева менен СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева. Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү, 1969-жыл.

© Фото / Александр Федоров

Опера жана балет театрынын сахнасында

Опера жана балет театрынын сахнасында - Sputnik Кыргызстан
7/16

Опера жана балет театрынын сахнасында

© Фото / Александр Федоров

Киночулардын балерина жөнүндө тарткан тасмасынан бир кадр

Киночулардын балерина жөнүндө тарткан тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
8/16

Киночулардын балерина жөнүндө тарткан тасмасынан бир кадр

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Бүбүсара Бейшеналиева пионерлер менен, 1968-жыл

Бүбүсара Бейшеналиева пионерлер менен, 1968-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/16

Бүбүсара Бейшеналиева пионерлер менен, 1968-жыл

© Фото / Александр Федоров

СССРдин эл артисти жаш бийчилерге сабак өтүп жаткан учуру

СССРдин эл артисти жаш бийчилерге сабак өтүп жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
10/16

СССРдин эл артисти жаш бийчилерге сабак өтүп жаткан учуру

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Бүбүсара Бейшеналиева композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, жубайлар 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушкан

Бүбүсара Бейшеналиева композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, жубайлар 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушкан - Sputnik Кыргызстан
11/16

Бүбүсара Бейшеналиева композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, жубайлар 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушкан

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Таланттуу инсан эмгек жолунда бир топ жаштарга жол көрсөтө алган

Таланттуу инсан эмгек жолунда бир топ жаштарга жол көрсөтө алган - Sputnik Кыргызстан
12/16

Таланттуу инсан эмгек жолунда бир топ жаштарга жол көрсөтө алган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Владимир Власов менен Владимир Ференин "Анар" балети, балерина Анардын ролунда

Владимир Власов менен Владимир Ференин "Анар" балети, балерина Анардын ролунда - Sputnik Кыргызстан
13/16

Владимир Власов менен Владимир Ференин "Анар" балети, балерина Анардын ролунда

© Фото / Александр Федоров

Балерина менен жазуучу Чыңгыз Айтматов Балтика флотунун аскерлери менен

Балерина менен жазуучу Чыңгыз Айтматов Балтика флотунун аскерлери менен - Sputnik Кыргызстан
14/16

Балерина менен жазуучу Чыңгыз Айтматов Балтика флотунун аскерлери менен

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Бейшеналиева өмүрүнүн акыркы жылдары көп ооруп, эки жолу оор операцияны башынан өткөргөн

Бейшеналиева өмүрүнүн акыркы жылдары көп ооруп, эки жолу оор операцияны башынан өткөргөн - Sputnik Кыргызстан
15/16

Бейшеналиева өмүрүнүн акыркы жылдары көп ооруп, эки жолу оор операцияны башынан өткөргөн

© Фото / из архива Зууракан Имакалыковой

Бүбүсара Бейшеналиева 47 жашында каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган

Бүбүсара Бейшеналиева 47 жашында каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган - Sputnik Кыргызстан
16/16

Бүбүсара Бейшеналиева 47 жашында каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган

Тема боюнча:
Жылаңач сулуу, "абактан чыккан" Жумадылов... Геннадий Базаровдун кинокаармандары
Кыргызстандыктар фронтко кантип жардам берген? Согуш жылдарындагы ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0