Атын сактайм деп Суусамыр суусуна аккан депутаттын сөөгү 5 күн өтүп табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРКуткаруучулар тобу Суусамыр дарыясында издөө иштеринде
Куткаруучулар тобу Суусамыр дарыясында издөө иштеринде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Жазылуу
Издөө иштерине 40 куткаруучу жана беш суучул тартылган.
БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Суусамыр дарыясына агып кеткен айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаковдун сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Издөө иштерине 40 куткаруучу жана беш суучул тартылган. Натыйжада бүгүн, 16-майда, саат 8:30да Бишкек — Ош унаа жолунун 160-165 чакырымындагы суунун жээгинен (Жайыл району) сөөгү табылган.
© Фото / пресс-служба МЧС КР

Суусамыр дарыясына агып кеткен айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаковдун сөөгү Нарын облусунун Жумгал районунан табылды

Суусамыр дарыясына агып кеткен айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаковдун сөөгү Нарын облусунун Жумгал районунан табылды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Суусамыр дарыясына агып кеткен айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаковдун сөөгү Нарын облусунун Жумгал районунан табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КР

Издөө иштерине 40 куткаруучу жана беш суучул тартылган

Издөө иштерине 40 куткаруучу жана беш суучул тартылган - Sputnik Кыргызстан
2/3

Издөө иштерине 40 куткаруучу жана беш суучул тартылган

© Фото / пресс-служба МЧС КР

Натыйжада бүгүн, 16-майда, эртең менен сөөгү табылган

Натыйжада бүгүн, 16-майда, эртең менен сөөгү табылган - Sputnik Кыргызстан
3/3

Натыйжада бүгүн, 16-майда, эртең менен сөөгү табылган

1/3

Суусамыр дарыясына агып кеткен айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаковдун сөөгү Нарын облусунун Жумгал районунан табылды

2/3

Издөө иштерине 40 куткаруучу жана беш суучул тартылган

3/3

Натыйжада бүгүн, 16-майда, эртең менен сөөгү табылган

Айылдык кеңештин депутаты мындан беш күн мурун, 11-майда, дарыяга агып кеткени кабарланган. ӨКМдин маалыматына ылайык, Исаков алгач Суусамыр дарыясынын аралчасында калган атын чыгарып берүүнү өтүнүп ӨКМге кайрылган. Куткаруучулар суу кирип турганын, түшүү кооптуу экенин эскертишкен. Ага карабай сууга кирип, жылкысын алып чыгууну талап кылган.
"Саат 11:00дөр чамасында бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай Бакир Исаков кайык менен өз алдынча сууга кирүүгө аракет кылганда куткаруучу кайыкка түшкөн. Кайык суунун катуу агымына туруштук бере албай оодарылып кеткен. Жаранды сактап калууга куткаруучулар аракет кылышкан. Тилекке каршы, суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон. Ал эми Исаков дарыядан сүзүп чыга албай калган", — деп билдирди ӨКМ.
Кырсык болор замат куткаруучулар тартылганы менен натыйжа болгон эмес. Беш күндүк издөөдөн кийин сөөгүн табышканы айтылды.
ӨКМ кызматкеринин формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Нарын дарыясына түшүп кеткен бөбөк. Сөөгү эки айдан кийин суу жээгинен табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0