Бет капчан Ким Чен Ындан Жеңиштин 77 жылдыгындагы жүрүшкө чейинки сүрөттөр
Бет капчан Ким Чен Ындан Жеңиштин 77 жылдыгындагы жүрүшкө чейинки сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Чехияда дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө ачылса, Вьетнамда Түштүк-Чыгыш Азия оюндары өтүүдө, Шри-Ланкада өкмөткө карата нааразылык митинги уланууда. Sputnik өткөн... 16.05.2022, Sputnik Кыргызстан
Чехияда дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө ачылса, Вьетнамда Түштүк-Чыгыш Азия оюндары өтүүдө, Шри-Ланкада өкмөткө карата нааразылык митинги уланууда. Sputnik өткөн аптадагы эң маанилүү окуялардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Россиянын эмгек сиңирген артисти Ольга Гришенкова "Конек-Горбунок" балетинин репетициясында Падыша кыздын ролунда (ортодо). Новосибирскидеги опера жана балет театрынын сахнасынан бир ирмем.
Бишкек шаарында "Өлбөс полк" жүрүшү Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата 9-майда өттү. Анын катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен төмөн түшүп, "Жеңиш" аянтына келип токтоду. Милициянын маалыматына караганда, ага 15 миңге чукул адам катышты.
Россия лидери Владимир Путин Москвада Кызыл аянтта өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты. Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышкан атасынын портретин көтөрүп чыкты.
Шри-Ланка президентинин Коломбодогу кеңсесинде өкмөт менен демонстранттардын тарабындагылар кагылышты. Полициянын маалыматында башаламандыктан тогуз адам көз жумган. Алардын экөө полиция кызматкерлери экени айтылды. 240 адам жаракат алган. Бул нааразылыктардан соң өлкөнүн премьер-министри Махинда Раджапакса отставкага кеткен.
Чолпон-Атада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run The Silk Road деп аталган марафонунун катышуучусу. Жарышка Ысык-Көлдүн жээгине 22 өлкөдөн 3 000ге чукул жөө күлүк катышты.
Чехиядагы Долни Морава айылындагы дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө. Анын узундугу 721 метр, деңиз деңгээлинен 1 100 бийиктикте. Көпүрө эки тоону бириктирип турат.
Чолпон-Атада өткөн Issyk-Kul ITF 2022 деп аталган туристтик жарманке-көргөзмөсүндөгү кыздар. Иш-чарага Кыргызстандын бардык облустарынан келип улуттук продукциялар менен салт-жөрөлгөлөрдү көрсөтүштү. Жарманкеге чет элден да келишти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган, Волгограддагы Мамаев курганда атылган майрамдык салют. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап салют атуу салты 1943-жылы 5-августта Кызыл армия Орел менен Белгородду бошоткон соң башталган.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхеньяндагы COVID-19 оорусу чыкты деп таанылган окуя боюнча өткөн жолугушууда бет капчан отурат. Аталган өлкөнүн бийлиги коронавирус пандемиясы башталган мезгилден тарта биринчи ирет ооруп калган киши аныкталгандыгын билдирди. Акыркы күндөгү маалыматтарда ооругандар көбөйүп, көз жумгандар да болуп жатканы кабарланды.