Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинада согуш аракеттерине катышышы мүмкүн делген кыргызстандык: элчинин маалыматы

© AFP / HANDOUTКуралчан аскер. Архив
Куралчан аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жазылуу
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстан жаранынын Украинадагы аскердик операцияларга катышуусу мүмкүн экенин билдирген.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Кыргызстандын жаранынын Украинадагы согуштук аракеттерге катышканы боюнча УКМКнын маалыматына комментарий берди.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстан жаранынын Украинадагы аскердик операцияларга катышуусу мүмкүн экенин билдирген. Тартип сакчылары аталган өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныкташты. Анын ээси кыргызстандык К.у.А. болуп чыкты жана кыргызстандыктын 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигрант катары Украинага кеткени маалым болду.
Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, Украинада жашаган Кыргызстандын бардык жарандары тууралуу элчиликтин маалыматы бар.

"Эвакуация башталгандан бери элчилик сөз болуп жаткан адамдан мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүүнү бир нече жолу сунуштап, согуштук аракеттерге катышпоону суранган. Бирок кыргыз жараны андан баш тарткан. Ал аймактык коргонууда тартип сакчыларына жардам берип жүргөнү белгилүү болду. Дароо тиешелүү органдарга маалымдалды", — деп жазган ал.

Ошондой эле ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргызстандык жарандын Украинадагы согуштук аракеттерге катышуусу бар же жок экенин текшерип жатканын кошумчалады.
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Башкы прокуратура Алексей Ширшовго кандай кылмыш иштери козголгонун тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0