Дмитрий Бивол ата-энеси Кыргызстанга кантип келгенин айтып берди

© AP Photo / Christian PetersenӨткөн аптада дүйнө чемпиону наамын коргоп калган профессионал боксчу Дмитрий Бивол. Архивдик сүрөт
Өткөн аптада дүйнө чемпиону наамын коргоп калган профессионал боксчу Дмитрий Бивол. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Жазылуу
Спортчу Лас-Вегаста рингге Кыргызстандын туусунун алдында чыккан.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өткөн аптада дүйнө чемпиону наамын коргоп калган профессионал боксчу Дмитрий Бивол Кыргызстанга кандай тиешеси бар экенин түшүндүрдү. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине эксклюзивдүү маек берди.
@sputnik.kyrgyzstan Дмитрий Бивол ата-энеси Кыргызстанга кантип көчүп келгенин айтты #бивол #спорт ♬ оригинальный звук - Sputnik Кыргызстан
Бивол 8-май күнү Лас-Вегаста Канело каймана аты менен таанымал мексикалык айтылуу спортчу Сауль Альварести утуп, жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Спортчу россиялык экенине карабай рингге Кыргызстандын туусунун алдында чыккан.
"Атам - Молдовада туулган модован, апам - Казакстанда туулган корей кызы. Экөө билим алуу үчүн барган Бологое (Россия) шаарында таанышып, баш кошкон экен. Билишимче, тайларым Казакстанда жашап жүрүп Кыргызстанга көчүп келишкен. Андыктан менин ата-энем дагы алардын жанына барууну чечишкен. Ошентип мен Токмокто туулгам", — деди боксчу.
Өзүнүн айтымында, ал бул шаарда 11 жашына чейин жашап, кийин Россиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетишкен.
Кыргызстанда туулган Дмитрий Бивол  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Бивол боксчулардын рейтинги боюнча 2-сапка чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0