ӨКМ: Ош — Баткен — Раззаков жолунун бир тарабы ачылды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваСел үчүн жабылган Ош — Баткен — Раззаков жолу
Сел үчүн жабылган Ош — Баткен — Раззаков жолу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргөн селдин видеосу пайда болду. Анда жолду суу алып кеткенин көрүүгө болот.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ош — Баткен — Раззаков жолунун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 11-май күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, Ош — Баткен — Раззаков жолу жабылган.

"Кечки саат 20:30да жолдун бир тарабы ачылды. Жеринде ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн, жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Sputnik Кыргызстан Telegram каналына Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргөн селдин видеосу пайда болду.
Анда жолду суу алып кеткенин көрүүгө болот. Жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу 8 күнгө жабылды. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0