Каналда суунун деңгээли көтөрүлүп... Ош — Баткен — Раззаков жолу жабылды. Видео

© Sputnik / Зульфия ТургуноваСел үчүн жабылган Ош — Баткен — Раззаков жолу
Сел үчүн жабылган Ош — Баткен — Раззаков жолу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Жеринде ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткенде жааган жаандын кесепетинен Ош — Баткен — Раззаков көчөсү жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"11-май күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандан улам каналда суунун деңгээли көтөрүлүп, Ош — Баткен — Раззаков жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сууга толуп, жол эки тараптуу жабылды", — деп айтылат маалыматта.
Жеринде ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатканы айтылды. Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2022
Жаан, селден улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0