00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Кадырбеков: Бишкек мэри президенттин сөзүн өлтүрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Борбор калаанын мэри ата мекендик компаниянын автобустары базар баасынан 40-50 миң еврого кымбат экенин айтып, сатып алуудан баш тарткан.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Бишкек шаарынын мэриясынан Кыргызстанда чыгарылган "Белес" автобустарын сатып алууну талап кылды.
Эл өкүлү жаңы чыгарылганда мамлекет башчы Садыр Жапаров барып айдап көрүп, башында 10 автобус сатып алууну, жакшы чыкса дагы көп буюртма берүүнү убадалаганын эске салды.
"Президенттин сөзү — бул шамалдын ышкырыгы эмес. Арадан бир аз өткөндөн кийин Бишкектин мэри "карап көрдүк, андай-мындай экен, албайбыз. Дүйнөдө жакшы автобустар бар, булар кол менен топтойт экен" деп жатат. Анан эмне менен топтосун, мамлекет завод куруп же бир жабдык сатып бербесе. Чет элдик кредитке автобус алып келебиз дегенде дагы акча өзгөгө кетпей, өзүбүздө калсын дегем. Анда мэрия "башка бюджеттин эсебинен сатып алабыз" деп оозун толтуруп айткан", — деди Кадырбеков.
Депутат мамлекет жардам бербесе өндүрүштүн өсүүсү кыйын болорун белгиледи.
"Кыргызда "сөзү өлгөнчө өзү өлсүн" деген кеп бар. Мэр биринчиден өзүнүн сөзүн, экинчиден президенттин сөзүн өлтүрүп жатат. Мэр экөөбүз бир араба да жасай албайбыз. Министр, мэрлер отурат жөн эле, маселени кабинеттеги бир аял чечет. "Кымбат экен" деп жатасыңар, көп чыккандан кийин арзандайт да. Президенттин сөзү эки болбосун, ушуну сатып алууну талап кылам", — деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал Solaris компаниясынын автобустарын алгач Варшава мэриясы сатып алып, өнүгүшүнө көмөкчү болгонун мисал келтирди.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Белес.kg" компаниясынын автобустары базар баасынан 40-50 миң еврого кымбат экенин айтып, сатып алуудан баш тарткан.
Садыр Жапаров ата мекендик Белес автобусун айдап көрдү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Садыр Жапаров ата мекендик "Белес" автобусун айдап көрдү. Видео, сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0