Коррупция менен күрөш ушулбу? Акаев Ширшовдун бошотулушу боюнча бийликти сындады

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Депутаттын айтымында, эл аралык издөөдө жүргөн адам Кыргызстанга соңку бир жылда ээн-эркин келип жатат.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мурда энергетика тармагын көмүскө башкарган Алексей Ширшовдун бошотулушу боюнча бийликти сындады.
Эл өкүлү Ширшов деген фамилия "коррупциялык схема" деген сөздүн синоними болуп калганын белгиледи.
Анын айтымында, Ширшов Интерполдун, Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөнүнө карабастан, акыркы бир жылда кенен-кесир келип жүргөн. Депутат мындай маалыматты Чек ара кызматына сурам жиберип алган.
"Эмне үчүн ал ээн-эркин келип жүрөт, эмнеге суракка чакырылган эмес? Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсүн жарым сутка кармап, кайра коё берип жатышат. Коррупция менен күрөш ушулбу? Ширшовдун схемалары Кыргызстанда кайрадан иштеп баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселеде мамлекеттик бийликтин, күч органдарынын башчылары катуу туруп, элдин суроо-талабын укпайт?" — деди Акаев.
Депутат ошондой эле бул окуя коррупциялык схемалар менен күрөшүү саясатына көө жапканын айтты.
Белгилей кетсек, Алексей Ширшов коррупцияга шектелип 9-май күнү кармалган. УКМКнын версиясы боюнча, ал "Аврора плюс" эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталууда. Анда 56 кымбат баалуу батир жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп, мамлекетке ири суммада зыян келтирилген.
Ал эми 10-май күнү кечинде Биринчи май райондук соту Ширшовдун бөгөт чарасын карап үй камагына чыгарды.
Курманбек Бакиевдин президенттик жылдарында Ширшов анын уулу Максимге жакын болгон. Ширшовду Кыргызстандын энергетикадагы "көмүскө кардинал" деп аташкан. Ал тургай коррупциялык иштерди жасаган "ширшов схемасы" болгону айтылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Депутат: тергөөчүлөр Дача СУ ишине тиешеси жок адамдарды опузалап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0