Кеч туруунун кооптуулугу жана режимди калыбына келтирүүнүн жолу. Кеңеш

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioТөшөктө жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт
Төшөктө жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Жазылуу
Дарыгер уйкунун бузулушу бир топ ооруну өрчүтүп жибериши мүмкүн экенин эскертти.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Күн менен түндүн алмашып калуусу өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн бир топ кооптуу. Бул тууралуу сомнолог Павел Кудинов маек куруп жатып айтканын Бешинчи канал билдирди.
Дарыгер кеч жатып, кеч турганды адатка айлантып алган адамдар бар экенин, бул көрүнүш жетлаг деп аталарын белгилеген. Мында организмдин биологиялык ырааты бузулат. Бул режимде жашагандар кечке уйкусурап жүрөрү, табы айнып, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп калары айтылды.
"Ал эми кан басымы жогору адамдар үчүн кеч жатып, кеч турган эселеп коркунуч жаратат. Мунун айынан гипертония өрчүп, адамдын жалпы саламаттыгы бир топ начарлайт. Жетлаг жүрөк-кан тамыр же нерв ооруларынан кыйналып жүргөн адамдар үчүн да кооптуу", — деген дарыгер.
Кудинов биологиялык ыргакты калыбына келтирүү үчүн күндө бир саат эрте ойгонууну сунуштаган. Ал эми уйку алдында жалбыз, мелисса, ромашка же пиондун кайнатмасын ичүү дагы организмдин кадимки ыраатына келиши үчүн жакшы жардам берери айтылды.
Кишилер мончодо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Дарыгер мончого түшүүдөгү эки катаны атады
Жаңылыктар түрмөгү
0