Европа Россия газынын импортун кескин көбөйттү. Себеби

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүГаз компрессордук станциясы. Архив
Газ компрессордук станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Жазылуу
Россия 1-апрелден тарта газ үчүн төлөмдү рубль менен гана кабыл ала баштаарын айткан. Буга ЕБдин айрым мамлекеттери макул болгон.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Европа май айында апрелге салыштырмалуу Россия газынын импортун кескин көбөйттү. Буга пайдалуу баа жана газсыз калуу коркунучу сыяктуу факторлор түрткү болгонун РИА Новости агенттигине Энергетика жана финансы институтунун энергетика боюнча башкы директорунун орун басары Алексей Белогорев айтып берди.
"1-майдан бери Россиянын газына Евробиримдикте суроо-талаптын кескин өсүшү байкалды. Мисалы, Финляндияга жеткирүүлөр 30-апрелден 4-майга чейин 4,8 эсеге өстү. Апрель айынын акыркы күндөрүндө нөлгө түшүп кеткен "Ямал-Европа" газ түтүгү майдын башында апрель айынын башындагы деңгээлине кайтып келди", — деди адис.
"Газпромдун" КМШдан тышкаркы өлкөлөргө газ экспорту апрель айында март айына салыштырмалуу 24 пайызга азайып, 11,6 миллиард куб метрди түзгөн. Жеткирүү бир нече негизги каттамдар боюнча, атап айтканда, Украинанын жана Польша аркылуу өткөн "Ямал-Европа" газ түтүгүндө кескин төмөндөп кеткен эле.
Анын үстүнө апрель айынын соңунда "Газпром" Болгария менен Польшага экспортту толугу менен токтотту. Анткени жеткирүү акысы жаңы схема боюнча (рубль менен) төлөнбөй калган. Бирок андан кийин Европа Россия газынын импортун көбөйтүп, жарым-жартылай бөлүштүрүп койду.

Негизги факторлор

Белогоревдин айтымында, россиялык газдын көлөмүнүн өсүшү түрдүү факторлордун айкалышынын натыйжасы. Негизгилеринин бири — май айында "Газпромдун" газына келишимдик баанын төмөндөшү.
Экинчи негизги фактор — Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү газ үчүн рубль менен акы төлөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу Россиядан ташууну толук токтотуу мүмкүнчүлүгүнө даярданып жаткандыгы.
"Ошол эле Финляндия 20-майга чейин төлөшү керек, ал эми 21-майдан тарта ал газсыз калышы мүмкүн", — деди Белогорев.
Үчүнчүдөн, сатып алуучулар баанын андан ары төмөндөшүнө анча ишенишпейт. Ошондуктан газды сатып алууну кийинкиге калтыруунун экономикалык мааниси жок.
"Калган эки жумада мүмкүн болушунча көбүрөөк Россия газын запастап алууну каалап жатышат", — деди ал.

Жаңы төлөм схемасы

Россия армиясынын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Көптөгөн өлкөлөр Россиянын активдери тоңдурулганын жарыялаган.
Мындай шартта Россия 1-апрелден тарта газ үчүн төлөмдөрдү рубль менен гана кабыл ала баштаарын айткан. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, негизги өнөктөштөрүнүн көбү бул схемага өтүүгө макул болушкан. Бирок айрым өлкөлөр рубль менен төлөөдөн баш тартышкан. Мисалы, Болгария менен Польша буга чейин Россия газынан ажыраган.
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Путин: нацизмди жеңүү — биздин тарыхыбызда өзгөчө орунду ээлейт
Жаңылыктар түрмөгү
0