Лавров: Россия Батыштан айырмаланып Борбор Азияны тирешүү аянтчасы катары карабайт

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2022
Жазылуу
Лавров Россиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу, тең укуктуу мамилелери XXI кылымда мамлекеттер аралык кызматташтыкты кандай жүргүзүү керектигине мисал боло аларын белгиледи.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Россия Батыштын айрым өлкөлөрүнөн айырмаланып, Борбор Азияны геосаясий тиреш үчүн аянтча катары карабайт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Россия — Борбор Азия: Достук жана кызматташтык жолундагы 30 жыл" аттуу макаласында жазган.
Анын айтымында, тараптар биргелешкен ишинде ар дайым элди бириктерген тарыхый достук, бири-бирин колдоо салты, ишеним жана сый-урмат мамилесине таянат.

"Бардык эл аралык коомчулуктун жооптуу өкүлү катары Россия тышкы чөйрөдө биринчи кезекте жанаша жана коңшу мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилени колдоого жана баары менен конструктивдүү иш алып барууга кызыкдар. Буга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары менен стратегиялык өнөктөштүк, көбү менен союздаш мамиледе болгонубуз кубандырбай койбойт", — деди Лавров.

Ошондой эле ал кызматташтык бүт тармакты камтып, экономикадан маданий-гуманитардык байланыштарга чейин жетерин белгиледи. Аны менен катар Лавров геосаясий аспектилерге токтолгон.
"Россия Батыштын айрым өлкөлөрүнөн айырмаланып, Борбор Азия регионун геосаясий тиреш үчүн аянтча катары карабайт. Бул жаатта биз региондун ичиндеги интеграциянын өсүшүн, Борбор Азия мамлекет башчыларынын тынымсыз консультативдик жолугушууларын жактайбыз. Россиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу, тең укуктуу мамилелери XXI кылымда мамлекеттер аралык кызматташтыкты кандай жүргүзүү керектигине мисал боло алат", — деп жазган Россия ТИМинин башчысы.
Ал соода-экономика, энергетика боюнча өз ара иш алып барууда, илим-техника тармагында, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууда чоң потенциал көрүнүп турганын белгилеген.
Встреча главы МИД РФ С. Лаврова с президентом Швейцарии И. Кассисом  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина менен сүйлөшүүнүн жүрүшү, 300 млрд. доллардын уурдалышы. Лавровдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0