Кыргызстандыктар былтыр ден соолугун 15,3 млрд. сомго камсыздандырган

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2022
Жазылуу
Маалыматта өткөн жылы 948 камсыздандыруу учуру катталып, ага 13,4 миллион сом кеткени кабарланды.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда кырсык жана оорудан камсыздандыруу боюнча дээрлик 130 миң ыктыярдуу келишим түзүлгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Камсыздандырылган сумма 15,3 миллиард сомдон бир аз ашкан. Башкача айтканда, бул каражат камсыздандырууга муктаждык жаралган учурда төлөнүп берилиши керек. Ал эми жалпы камсыздандыруу боюнча төгүмдөр (камсыздандыруу үчүн төлөм) 107,2 миллион сомду түзөт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылы 948 камсыздандыруу учуру катталып, ага 13,4 миллион сом кеткен.
Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Өлкөдө камсыздандыруу компанияларына кайрылгандардын саны 2 эсе көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0