Бишкекте 3-класста окуган кыз сабалды. Кылмышка 8-класстын окуучусу шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучу кыз. Архивдик сүрөт
Окуучу кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган өспүрүм жабыркаган кыз жана анын үй-бүлөсү менен тааныш.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкектеги №58 мектепте 3-класстын окуучу кызы ур-токмокко алынды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 27-апрель күнү саат 16:00 чамасында милицияга 10 жаштагы кыздын жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Маалым болгондой, ал саат 11:40та мектептен чыккан боюнча үйүнө барган эмес.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган.
"Саат 18:00гө чукул Ленин РИИБдин балдар иши боюнча инспекторлору жоголгон кызды сабалган абалда мектептин артынан табышкан. Тез жардам кызматы окуучуну 3-балдар ооруканасына жеткирген", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле күнү аталган кылмышка шектелип 14 жаштагы П.А. аттуу (8-класс) окуучу бала кармалып, РИИБге жеткирилген. Ага карата Жазык кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган өспүрүм жабыркаган кыз жана анын үй-бүлөсү менен тааныш. Окуянын себептери иликтөө учурунда белгилүү болот. Мындан тышкары, соттук экспертиза жана башка иш-чаралардан кийин бул ишке юридикалык баа берилет", — деп жазылат билдирмеде.
Аталган кылмыш иши Ленин РИИБ менен Бишкек ШИИБдин жеке көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Бишкекте окуучуларды сабаган кыз мектептен чыгарылбайт. Аткарылчу иштер
Жаңылыктар түрмөгү
0