Министр: тамак-аш кымбаттады деп жалган маалымат тараткандар жоопко тартылат

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министри Улан Ниязбеков
Ички иштер министри Улан Ниязбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Жазылуу
Министр президенттин ысырапкерчилик боюнча жарлыгынын маанисин элге туура жеткирүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тапшырма берген.
БИШКЕК, 30-апр. – Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү каражаттардын кымбатташы боюнча жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдирди. Бул туурасында ведомство жетекчиси коллегия учурунда айтканын маалымат кызматы кабарлады.
"Элдин экономикалык абалын туруктуу деңгээлде сактоону камсыз кылуу үчүн тамак-аш, азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү каражаттардын кымбатташы боюнча жалган маалыматтарды таркатып өз кызыкчылыгы үчүн иштеген жарандарды аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартууну көзөмөлгө алуу керек", — деген министр.
Андан сырткары, төмөнкүлөрдү белгилеген:
жергиликтүү бийлик органдары, айыл башчылар, айыл өкмөттөр, акимдер, президенттин аймактардагы өкүлдөрү менен бирге коопсуздук иш мерчемдерин бекитип, азык-түлүктүн баасын жасалма көтөрүүгө жана чек аралардан сыртка азык-түлүк товарларын, дыйканчылыкта керектелүүчү каражаттарды ташып кетүүгө тыюу салынсын;
аткезчиликке бөгөт коюу чаралары күчөтүлсүн. Буга чейин чек ара аймактарына жакын жерге жайгаштырылган жалпы республика боюнча жол кыймылы коопсуздугунун посттору кыраакылык менен иш алып барсын;
аткезчилик жолу менен мыйзамсыз ташууларга, айрым адамдардын экономикалык каатчылыкты пайдаланып мыйзамсыз байып кетүүсүнө жол бербөө иштери жүргүзүлсүн. Экономикалык абал, өлкөбүздөгү кырдаал жана жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө элге кеңири жана так маалыматтар мезгил-мезгили менен жеткирилип турсун;
азыркы учурда кабатыр болууга эч кандай негиз жок экендиги айтылсын. Кампаларда жана тиешелүү каражаттарды сактоочу жайларда азык-түлүк, тамак-аш, ошону менен бирге дыйканчылык продукциялары жетиштүү деңгээлде экендиги боюнча эл менен жолугушуу мезгилинде кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
президенттин ысырапкерчилик боюнча жарлыгын ишке ашыруу үчүн коомчулукка анын маанисин туура жеткирүү, аксакалдарга жана жаштарга кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
Анткен менен өлкөдө кымбаттоо бир топ сезилип жатат. Кыргызстанда жашоо былтыркыга салыштырмалуу 16,7 пайызга кымбаттагандыгын жакында эле Улуттук статистика комитети билдирген.
Президент Садыр Жапаров. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Садыр Жапаров: кырдаал начарлап кетиши мүмкүн, элди үнөмдүү болууга чакырам
Жаңылыктар түрмөгү
0