"Активдерди тартып алып…" АКШ россиялык каражаттын канчасын сарптай алат?

© AFP / KEVIN DIETSCHВашингтондогу Капитолий имараты. Архив
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Жазылуу
Кошмо Штаттар камакка алынган россиялык активдердин эки миллион долларын Украинага жардам катары пайдаланууну чечти. Бул акча дагы кандай жумшалышы ыктымал?
Башканын каражатын тартып алууга америкалыктар кынык алгандай: Афганистандын жети миллиардын, Ирандын ушул суммадан он эсе көп акчасын тоңдуруп койгон. Эгер Вашингтондогулар бул темада катуу кетсе, Москва көп акчасынан кол жууйт деп белгилешет Михаил Катков, Алена Казакова. Серепчилердин ушул теманын тегерегиндеги калем шилтеми РИА Новости сайтына жарыяланган.

Мажбурланган жардам

АКШ эл өкүлдөр палатасы тоңдурулган россиялык каражаттарды Украинаны колдоо жана Россияны "демократиялаштыруу" үчүн пайдаланууга жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды. Ага 417 конгрессмен "макул" деп добуш берип, сегизи калыс болду. Мунун башаты үчүн президент Жо Байденди санкция алкагында россиялык миллиардерлердин камакка алынган байлыгын сатууга чакырышканын жазат The New York Times басылмасы. Чынында актив ээлерин бул аракеттерди сотко берүү укугунан ажыраткан мыйзам долбоору өткөн жок, анткен менен сүйүнүүгө али эрте.
Байден россиялык олигархтарга каршы чара көрүү боюнча сунуштардын топтомун конгресске жөнөтүп жатканын кабарлады. "Аларды жыйнаган акчасынан куру калтыруу үчүн бардык аракетти жасайбыз... Ал менчикти алуу жана конфискациялоонун жаңы механизмдери түзүлөт. Олигархтардын активдерин сатуудан түшкөн фонд түз Украинага келтирилген зыянды жоюуга багытталгандай кылабыз", – деп баса белгиледи Байден.
Булардан сырткары, Мамлекеттик департамент Россияны терроризмдин демөөрчүсү катары таануу жолун кароодо. РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Вашингтондун бардык, ал тургай мындай акылга сыйбаган чечимдерине да Москва жооп берерин убада кылды.
Апрелдин ортосунда эле АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан россиялык ишкерлердин тоңдурулган активдерин аларга кайтарылбай турганын билдирген. Болгондо да ал өзү бул көрүнүштү "тартып алуу" катары баалаган.
Вашингтон эки миллион менен чектелип калбаса керек. Америкалыктар Россиянын Борбордук банкына таандык, бирок Федералдык резердик системанын эсебиндеги жүз миллиард долларды тоңдуруп койгон. АКШ Мамлекеттик департменттин башчысы Энтони Блинкен Ак үйдөгүлөр ал каражатты Киевге өткөрүүнүн жолун ойлонуп жатышканыны жашырбайт. Юридикалык кылдаттыктар гана алардын жолун "тороодо". Зеленскийдин алкымы андан да чоң: ал РФ Борбордук банкы жана россиялык миллиардерлердин каражаттарынан 400 миллиард доллар алууга үмүткөр.
Супермаркеттен чыккан сатып алуучулар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Кытай ЖМКлары АКШнын опсуз санкциялары кимди бүк түшүрүп жатканын айтты

Чаламандын чак түшүндөгү тоноо

Былтыр талибдерден качканында америкалыктар Афганистандын жети миллиард долларга чукул каражатын тоңдурушкан. Бул Кабулга кысым кылуунун дипломатиялык чара катары болорун түшүндүрүшкөн. Ал каражаттын бир бөлүгүн 2001-жылдын 11-сентябрында жабыркагандардын үй-бүлөсүнө бөлүштүрүп, калганын гуманитардык жардамга жумшашмак болушту.
Талибдер муну тоноо деп аташты, бирок Вашингтондогулардын жүзү кызарып да койгон жок. АКШ жана союздаштарынын афган экономикасына жыйырма жылдык салымын бетке кармап коюшту. Бирок Бириккен Улутттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш да өлкө "кылдын учунда" экенин айтып, бул акчаны кайтарып берүүнү талап кылган.
Анан да америкалыктар Афганистанда болжол менен ошол эле жети миллиарддык наркы бар аскердик жабдууларын таштап кеткен эмеспи. Пентагондун мыйзамчыларга берген отчетуна таянуу менен CNN каналы ушундай сумманы атаган. Аскердик учак жана автомобилдер, курал-жарак, ок-дары жана байланыш каражаттары "Талибандын"* колунда калган.
Ал эми кезегинде Ирандын шыбагасына мындай да олжо тийген эмес. 1979-жылкы ислам революциясынан соң тоңдурулган активдер 100-120 миллиард долларга бааланат. Болгондо да бул каражат АКШда гана эмес, Кытай, Түштүк Корея, Люксембург, Япония жана Ирактагы эсептерде эле. Көпчүлүгү – мунайдан түшкөн кирешелер.
Революция Вашингтондун тилин алган Мохаммед Пехлеви шахты тактан кулаткан. АКШнын Тегерандагы элчилигин басып алып, 66 америкалыкты барымтага алышкан. Алардын акыркысын 1981-жылдын аягында гана куткарып алышты.
Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
ЖМК: Германия Россияга каршы санкциялардан улам өзү карызга батууда

Сотсуз, каражатсыз

"Америкалык тараптын мындай аракеттери эл аралык укуктук жоболордун эч бирине сыйбайт. Алар бул ишти дагы улантып, мурда дегеле мүмкүн болбогон кадамдарга барат окшоп калды, — деп боолголойт эл аралык юрист Дмитрий Романенко. — Албетте, жооп иретиндеги чаралар жөнүндөгү сөздөр болот. Россия өлкө аймагындагы АКШнын жеке да, юридикалык жактарынын да активдерин камакка алуу укугун пайдалана алат".
Конгресстин чечимин сотто утуп алууга болоруна анчейин ынанбайт, себеби эл аралык сотторго "кысым кылуудан эч кимиси айбыгышпайт".
"Тоңдурулган россиялык үч жүз миллиард долларды пайдалануу пикири алгач Киевде жаңырып, кийин ал ойду Вашингтон илип кетти, — дейт Россия Илимдер академиясынын АКШ жана Канажа институтунун улук илимий кызматкери Владимир Васильев. — Бирок буга белгилүү бир юридикалык тоскоолдуктар бар экени аныкталды. Эсептерге арест коюш бир жөн, бирок андагы каражаттарды коротуу таптакыр бөлөк кеп. Улуттук орган же соттук инстанциялар бул үчүн жетишсиз".
Анын айтымында, дегеле мындай болгон эмес. "Ооба, Афганистан жагдайын эске салат, бирок "Талибан"* — тыюу салынган террордук уюм. Адатта Ирандын мисалындай каражатты тоңдуруп, кийин кайра кайтаруу маселеси каралат. Же активдерди белгисиз мөөнөткө көпкө чейин кармап отуруп, экономикалык өз ара эсеп үчүн колдонушат", — деп кошумчалайт эксперт.
Россиялык каражаттар украиналык качкындарды кабылдаган Европа биримдигине мүчө-өлкөлөргө берилиши мүмкүн. Бирок эксперт бул каражат бөлүнгөн максатта жумшаларына ишенбейт.
"Америкалыктар үч жүз миллиард доллардын баарын сарптай турганын дароо жарыялап тобокелге салбастан, сынамык долбоорлордон баштайт. Бөлүп-бөлүп жумшап отуруп, акырындап бул мыйзамдуу көрүнүшкө айланат. Азыр биринчи траншты алып, Украинага гуманитардык жардам же дагы бир нерселерди жөнөтүшөт. Акырындап сумманы жогорулата башташат. Ошентип коомчулук көнүп бүтөт", — деген оюн билдирет Васильев.
Вашингтон дүйнөлүк каржылык практикада өтө кооптуу көрүнүш түптөп жатат. Эч бир өлкө өзү топтогон акча коопсуз экенине эми ишене албай калат.
* Террордук ишмердиги үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясына кабылган кыймыл
Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Пресс-борбор
Эксперт Украинадагы кризис кайсы процесстер үчүн кайырмак болгонун айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0