00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мугалимдерди кубанткан айлык… Соцтармактагы сүйүнүч кабар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жазылуу
1-апрелден тарта Кыргызстандын социалдык жаатында иштегендердин айлыгы көбөйдү. Соцтармак колдонуучулары алардын тууган-тааныштары канча каражат алганын жазып чыгышты.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда социалдык жаатта эмгектенген кызматкерлердин, айрыкча мугалимдер менен билим берүү системасындагылардын эмгек акысы жогорулады.
Буга чейин айлык көтөрүлөрүн финансы министри Алмаз Бакетаев жарыялаган болчу. Ал апрель айынан тарта педагогдордун, дарыгерлердин, социалдык жана маданият кызматкерлердин айлыгы 50-100 пайызга жогорулай турганын белгилеген. Баары биригип 309 миңдей адам болгон.
"Билим берүү тармагындагы айлык маяна 80 пайызга өсөт. Эгер жаңы модель менен эсептей турган болсок, окууну жаңы бүтүп келген стажы жок мугалимдер колуна 20-21 миң сом алышат. Учурда бул сумма 4-7 миң сомду түзүүдө", — деп билдирген Бакетаев ошол кезде.
Бүгүн соцтармактын айрым колдонуучулары тууган-тааныштарынын айлыгы өскөнүн айтып сүйүнчүлөшүүдө.
Ош облусуна караштуу Талдык айылында иштеген мугалим Sputnik агенттигинин кабарчысына мурда 22-25 миң сом алып келсе, эми маяна катары 48 миң сом түшкөнүн билдирди.
"Кубанычыбызда чек жок. Менин айлыгым 100 пайыздан ашык көтөрүлдү окшойт. Буга чейин 22-25 миң сом алчумун, эми болсо 47 865 сом түштү. Биз тоолуу аймакта жашайбыз, бул дагы таасир этсе керек", — деди мугалим.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев анын кичүү карындашы канча айлык алганын соцтармактагы баракчасына жазды.
"Жакшы кабар. Айылдагы карындашым 35 миң сом айлык алыптыр. Меники менен тең экен. Ылайым дагы көбөйсүн", — деди Түлөбаев.
Дагы бир интернет колдонуучу мугалим тууганынын айлыгы боюнча жазды.
"Айылда мугалим болуп иштеген бөлөм 14 миң сом айлык алчу эле, эми колуна 26 500 сом нак тийиптир", — деди Атай Бейшенбек.
Ал эми Назгүл Насиева социалдык жаатта эмгектенип келген тааныштарынын кубанычы менен бөлүштү.
"Бүгүн социалдык сферада иштегендердин кубанычында чек жок. Анткени айлыктары 100 пайызга көтөрүлүп, биринчи жолу түшкө кирбегендей каражат алып отурушат. Эң аз дегенде 18 000 — 20 000 сом, эң көп дегенде 40 000 сомдун тегерегинде алышыптыр", — деди ал.
Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочу-насаатчысы Айсулу Байтулеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Радио
Байтулеева: троллейбус айдоого кызыккан кыздар көп
Жаңылыктар түрмөгү
0