Бишкекти дүйнө суктанган шаарга айланталы! Калаа башчынын куттуктоосу

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жазылуу
Мэр шаарды өнүктүрүп, көрктөндүрүүнү бийликтен гана күтпөй, ар бир тургун айлана-чөйрөсүн жакшыртууга өз салымын кошууга тийиш экенин белгилеген.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын тургундары менен конокторун калаа күнү менен куттуктаганын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Мэр куттуктоосунда шаар жылдан-жылга жакшырып, жаңыланып келе жатканын белгилеген.

"Бишкекте иштерман, мээнеткеч ар улуттун эли жашайт. Шаарда элди мээримине, сулуулугуна, тазалыгы менен жылуу кучагына тарткан жагымдуу жүзү болушу керек. Ага жетүү үчүн мэриянын, депутаттардын жана шаардын жашоочуларынын жигердүү биргелешкен аракети зарыл. Эгерде ар бир шаардык тазалык, тартип үчүн камкордук көрсө, өздөрү адептүү жана маданияттуу болсо, анда Бишкек сөзсүз таза, көрктүү жана сыймыктуу шаар болоруна сиздерди ишендире алам. Шаар жакшырууда жана жаңыланууда. Көптөгөн жаңы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болуп, жолдор жапырт оңдолууда. Жылдык кирешебиз жылдагыдан көбөйүп жатат. Бул алдыда жасай турган шаардын архитектурасын жакшыртуу, транспорт тыгындарын азайтуу, жол тармактарын кеңейтүү, айлана чөйрөнү таза сактоо, шаар тургундарынын жана меймандарынын керектөөсүн, каалоосун жүзөгө ашыруу сыяктуу пландарыбызга чоң мотивация берет", — деп жазылат мэрдин куттуктоосунда.

Ал шаарды өнүктүрүп, көрктөндүрүүнү бийликтен гана күтпөй, ар бир тургун айлана-чөйрөсүн жакшыртууга өз салымын кошууга тийиш экенин белгилеген.
"Сиздердин жана биздин биргелешкен аракет менен сүйүктүү Бишкек шаарыбызды Кудай буюрса дүйнө эли суктанган шаарга, жашоого жайлуу, балдардын күлкүсү жаңырган бейпил үйгө айландырарыбызга ишендирип кете алам. Урматтуу борбор шаарыбыздын жашоочулары, сиздерди дагы бир жолу калаанын 144 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, жарык маанай, бакубатчылык жана ийгилик каалайм! Жашасын Кыргызстан! Жашасын борбор калаабыз!" — деген мэр.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленип жатат. Күн бою ордо калаада ар кандай иш-чаралар өттү.
Көп ярустуу машина токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Пресс-борбор
Бишкекте көп ярустуу 47 машина токтотуучу жай куруу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0