Россиянын элчиси Стратегиялык улуттук изилдөөлөр институтуна барды

© Фото / пресс-служба посольства РФ в КРРоссиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандын Стратегиялык улуттук изилдөөлөр институтуна барды
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандын Стратегиялык улуттук изилдөөлөр институтуна барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Жолугушуу учурунда кыргыз-орус кызматташуусу жана учурдагы эл аралык абал талкууланган.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандын Стратегиялык улуттук изилдөөлөр институтуна барды. Бул тууралуу элчилик билдирди.
"Аталган институттун жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуу учурунда кыргыз-орус кызматташуусу жана учурдагы эл аралык абал талкууланды. Элчи эки тараптуу мамилелерге байланыштуу жакынкы арада өтө турган иш-чаралар боюнча дагы маалымат берди", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында элчилик менен институттун кызматташуусун улантуу макулдашылганы белгиленди.
РФтин Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Элчи Удовиченко: Россияда кризис болот дегендердин тилеги таш капты
Жаңылыктар түрмөгү
0