Элчи Удовиченко: Россияда кризис болот дегендердин тилеги таш капты

© Sputnik / Табылды КадырбековРФтин Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко. Архив
РФтин Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Жазылуу
Элчи жаралган көйгөйлөр жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда кризис болот деп күткөндөрдүн тилеги таш капты. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди. Ал "Кыргызстандагы россиялык мекендештер: орус дүйнөсүнүн жаңы реалдуулугу" аттуу XIII өлкөлүк конференцияга катышкан.
Дипломат белгилегендей, дүйнө жаңы баскычка көтөрүлгөнүн так түшүнүү керек.
"Россияда кризис болот деп күткөндөрдүн тилеги таш капты. Анткен менен бүгүнкү жана эртеңки көйгөйлөрдү эч ким жокко чыгаргысы келип жаткан жок. Жалпы декларативдик билдирүүлөр менен чектелбестен бизди алдыга жылдыра турган конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүгө өтүү керек", — деди Удовиченко.
Ал ошондой эле азыркы заманда эл аралык нормалар иштебей калганын айтып, анын ордуна өлкөлөрдүн тобу каалаган эрежелер иштеп калганын белгиледи.
"Россияга каршы болуп көрбөгөндөй санкциялар киргизилди. Финансылык-экономикалык байланыштар үзүлүп, Россияга каршы маанай жайылтылууда. Мында (Кыргызстанда) абал алда канча жакшы. Ошол эле учурда Россиянын союздаштарына дагы кысым көрсөтүлүүдө", — деди Удовиченко.
Элчинин айтымында, жаралган көйгөйлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатат.
"Биз союздаш мамлекеттер менен болгон интеграцияны ЕАЭБ жана ЖККУ алкагында өнүктүрүүгө бардык чараларды көрүп жатабыз. Көйгөйлөр көбөйгөн учур келди. Бирок ошол эле көйгөйлөр жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып жатат. Биз биргеликте ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек", — деди ал.
Удовиченко мекендештердин кыймылын мындан ары дагы колдоп, Кыргызстандын шаарларындагы укуктук борборлорду каржылоону, аз камсыз үй-бүлөлөрдү, ардагерлерди, балдарды колдоону уланта турганын кошумчалады.
Элчи конференциянын алкагында өкмөттүк комиссиянын линиясы боюнча чет элдеги мекендештер менен иш алып баргандарга (2021-жылга карата) сыйлык тапшырды.
Мектептеги физика кабинети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Россия Баткенге инновациялык мектеп курууну пландоодо. Депутаттар долбоорду көрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0